• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Шакиев Координациялык кеңештин жыйынын өткөрдү

10 Бугу 2023 16:17 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин Координациялык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү.

ЖКнын маалымат кызматы билдиргендей, жыйынга төраганын орун басарлары, фракция лидерлери, тармактык комитеттердин төрагалары жана аппараттын жетекчилери менен бөлүм башчылары катышты.

Координациялык кеңеш жыйындардын календардык планын бекитип, муну менен катар каралчу маселелердин тизмесин тактады.

Белгилүү болгондой, эртең, 11-майда Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасынын алгачкы Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата маарекелик иш-чаралар өтөт. Андыктан аталган күндөгү парламенттин жыйыны кийинкиге жылдырылды.

Количество просмотров: 88