• Дүйшөмбү 22 Кулжа 2026
  • Понедельник 22 Июнь 2026

Шашылыш билдирүү: Туруксуз аба ырайы күтүлөт!

8 Бугу 202219:47 Бишкек Govori.TV

10-12-майда өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, 10-майда күндүз жана 11-12-майда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Бийик тоолуу райондордо кар, ал эми кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым аймактарда мөндүр жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы төмөндөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Количество просмотров: 5554