• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Шашылыш билдирүү: Унаа жолдордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт

11 Үчтүн айы 202313:44 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрилиги шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, унаа жолдордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт.

«Учурда жаап өткөн карга, жаан-чачынга байланыштуу 12-январдан 14-январга чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусуна, 198-265 чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусуна, Чычкан капчыгайына, Суусамыр –Талас – Тараз унаа жолунун 1-14-чакырымдарында жайгашкан Өтмөк ашуусу, кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, ӨКМ алыска жолго чыгууда дарылардын топтомун, ысык суу, жол азыгын, күрөк жана дөңгөлөк чынжырчасын алууну унутпаңыз деп айдоочурады эскертет. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталуусу зарыл.

Количество просмотров: 291