• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Шавкат Мирзиёев менен Садыр Жапаров телефон аркылуу сүйлөштү

12 Үчтүн айы 2021 9:12 Бишкек Govori.TV

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев телефондук сүйлөшүүдө Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин расмий сайтында айтылат.

Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында Кыргызстан алдында турган кыйынчылыктарды жеңип чыгарына жана мамлекеттүүлүк менен улуттук биримдикти бекемдөө жана өлкөнү социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүктүрүү боюнча ийгиликтүү программаларды ишке ашырарына ишенерин билдирди.

Шавкат Мирзиёев Өзбекстан турмуштун бардык чөйрөлөрүндө кыргыз-өзбек кызматташтыгын мындан ары да достук мамиледе, ынак коңшулукта жана стратегиялык өнөктөштүктө чыңдай берүүнү жана өнүктүрүүнү көздөй тургандыгын баса белгиледи.

Садыр Жапаров Өзбекстан башчысына куттуктоосу үчүн ыраазычылыгын айтып, эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтык боордош эки элдин бакубатчылыгы жана кызыкчылыгы үчүн мындан ары дагы ийгиликтүү өнүгө тургандыгына бекем ишенимин билдирди.

Ошондой эле Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду Өзбекстан Республикасына расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды. Садыр Жапаров чакырууну ыраазычылык менен кабыл алды.

Тараптар иш сапардын мөөнөтүн дипломатиялык каналдар боюнча аныктоого макулдашты.

Мындан сырткары, Шавкат Мирзиёев менен Садыр Жапаров актуалдуу маселелерди чечүү жана эки өлкөнүн эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн дайыма байланышта болуу боюнча орток пикирге келишти.

Количество просмотров: 92