Бишкек.11.06.2019.Govori.TV.
Кыргызстандык спортчу Шевченконун америкалык атаандашы Жессика Ай менен UFC 238 турниринин алкагындагы беттеши нокаут менен аяктаган.
Спорттук жаңылыктарды жазган SportsDaily жакында болгон UFC 238 турнириндеги мушкерлердин, анын ичинде чемпиондук титулун сактаган Валентина Шевченконун гонорарынын болжолдуу суммасын ачыктады.
Кыргызстандык кыз АКШ спортчусу Жессика Айды жеңип, экинчи раундда жаткыра тепкен.
Шевченконун нокауту UFC турниринде мыкты деп табылып, 50 миң доллар алмай болду.
Ал эми жеңилүү ызасын тарткан Жессика Айдын гонорары 130 миң доллар болсо, анын 100 миңин промоушен төлөгөн. 30 000 долларды жарнама үчүн Reebok берген.