Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко америкалык мушкер Кэтлин Чукагянды үчүнчү раундда нокаут менен утуп, UFC уюмунун 247 турниринде 57 килограмм салмактагы чемпиондук наамын коргоп калды. Беттештен кийин мушкер айым мекени Кыргызстанга жалындуу салам жолдоп, мекендештери менен дайыма бирге болоорун кошумчалады.