2020-жылдын 4-октябрында өтүүчү парламенттик шайлоого “Социал-демократтар” саясий партиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына көрсөткөн тизмедеги алдыңкы 20 талапкерин жарыялады. Тизмени партиянын өкүлү Шаиста Шатманова өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жайгаштырган.
Тизмеге кирген талапкерлер:
Бирок, «Үмүт-2020» кыймылынын жетекчиси, ЖКнын экс-депутаты Ширин Айтматова соцтармактагы баракчасы аркылуу «Социал-демократтардын» катарына кошулууга макулдугун бербегенин жазды.

Жана ошондой эле, Айтматова сүйлөшүүлөр болгонун, бирок тизмеге кошулбаганын кошумчалады. Анын айтымында ал шайлоого барбайт.
