• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

“Шрек” каймана аттуу эл аралык баңгизат тобунун лидери кармалды

8 Бугу 2024 9:41 Бишкек Govori.TV

Ош облусунда “Шрек” каймана аттуу эл аралык баңгизат тобунун лидери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 29-апрелинде Ош шаарынын аймагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жараны Я.М.М. кармалып, андан 1 кг салмактагы «Гашиш» баңги заты табылып, алынды. Кармалган жаран КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

«Я.М.М. Ош облусунун негизги баңги өндүрүүчүлөрүнүн бири болуп саналат, баңги агымынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөйт, кылмыштуу иштерин болсо уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлеринин колдоосу астында жүргүзүп келген. Мындан тышкары, Я.М.М. уюшкан кылмыштуу баңги топторунун лидери катары ИИМдин каттоосунда турат. Буга чейин Россия Федерациясынын аймагында героин түрүндөгү наркотикалык каражаттарды сатуу жана сактоо үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган»,-деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, КР УКМК баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөштү улантууда. Жогоруда аталган Я.М.М. аттуу жарандын кылмыштуу иш-аракеттеринен жабыр тарткандар болсо Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине: 0312 660475, 0312 626504, 03222 70009 байланыш номурлары аркылуу кайрылыңыз.

Количество просмотров: 116