• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Штаб партияларга санитардык талаптарды эскертти

17 Аяк оона 2020 15:15 Бишкек Govori.TV

Саясий партиялар парламенттик шайлоого карата үгүт иштеринде санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоого тийиш. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылганын өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Республикалык ыкчам штаб шайлоо процессинин бардык катышуучулары – саясий партиялар, шайлоочулар коопсуздук чараларын так сактоосу зарыл экендигин эскертет.

«Абал турукташып калды дегенибиз менен коронавирус инфекциясын жуктурган учурлар азыр деле катталууда. Карантин режими алына элек. Ошондуктан шайлоого катышып жаткан саясий партиялар бардык санитардык жана эпидемиологиялык чараларды, анын ичинде социалдык аралыкты сактоо талаптарын так аткарышы керек», — деди биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана тармактык мамлекеттик органдарга 50дөн ашуун адамдын катышуусундагы иш-чараларды уюштурууга киргизилген чектөөлөрдү көзөмөлдөөнү күчөтүү тапшырмасы берилди.

Количество просмотров: 55