• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Шыкмаматов Башкы прокурор болгонун четке какты

6 Тогуздун айы 2020 14:27 Бишкек Govori.TV

«Бир Бол» саясий партиясынын мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов Башкы прокурор болгонун четке какты. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-октябрда Координациялык кеңештин жыйынында билдирди.

Шыкмаматовдун айтымында, прокурор болгондугу боюнча туура эмес маалыматтар тарап кеткен.

«Башкы прокурор кылып мени эч ким дайындаган жок. Болгону прокуратурага барып, туруктуулукту сактап туруу үчүн мыйзамдуулукту кармап тургула, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча каршылык көрсөткүлө, Матраимовдорго иш козгоп, чек араларды жаап, издөө жарыялагыла деп айттым», -деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин айрым ЖМКлар Алмамбет Шыкмаматовдун Башкы прокурордун милдетин аткаруучу болуп дайындалганын жазып чыгышкан болчу.

Количество просмотров: 216