• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

«Сиңирген эмгегиңерге карабайбыз». Президент мамлекеттик жетекчилерге катуу талап койду

14 Теке 2022 10:58 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-июлда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Министрлер кабинетинин жыйыны өтүп жатат. Бүгүн, 14-июлда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Министрлер кабинетинин жыйыны өтүп жатат. 

Жыйынга Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, Президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери катышууда.

Президент Жапаров өз сөзүндө министрлер менен мамлекеттик органдардын жетекчилерине катуу талап койду.

«Урматтуу министрлер, мамлекеттик органдын жетекчилери жана аймактык жетекчилер! Сиздерге катуу эскертээрим: кимде-ким туура эмес иштерге аралашып, бирөөлөргө «крыша» болуу менен мамлекетке каршы иштердин аркасында турчу болсоңуздар эч кимиңерге, ушул кезге чейинки кылган баардык сиңирген эмгегиңерге карабайбыз. Өтө катуу жана катаал чараларды көрөбүз. Биздин мамлекетте коом өтө ачык, эч нерсени жаап жашыра албайсыңар. Текшерүүчу органдардын оозун жапканыңар менен эл өзү ачыктап, туура же туура эместигин териштирип алаканыбызга салып берет. Ушул жерде отурган бардык жетекчилердин кулагына күмүш сырга: биз кабыл алынган чечимдердын бардыгы сиздердин колдон жалпыланып, анан кабыл алынат. Алар элдин жакшы жашоосуна да, түйшүккө малынышына да түрткү болот. Ошондуктан жакшылап терең ойлонулган чечимдердин болушу негизги шарт. Жети өлчөп, бир кесип анан кабыл алып туралы. Жүзүбүз ар дайым жарык болсун десеңер эл үчүн, мамлекет үчүн ак дилиңерден таза иштешиңерди катуу талап кылам. Биз бийликке эл үчүн иштейли деп келдик. Бул максат ар бир Министрлер Кабинетинин мүчөсүнүн жүрөгүндө болушу керек. Ар бир мамлекеттик кызматкердин жүрөгүндө болушу керек. Мен жана Министрлер кабинети чыгарган чечимдер жалпы элибиздин жашоосунун сапатын жогорулатууга багытталышы керек. Биздин бардык программаларыбыздын, стратегиялык документтерибиздин өзөгү – элибиздин бакубат жашоосун камсыз кылуу. Башка маселелерге убакытты да, ресурстарды да коротуп кереги жок»,-деди Жапаров.

Количество просмотров: 6530