Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Анвар Артыковду партиянын төрагасы болуп шайланышы менен куттуктап, абактан кат жазды.
Атамбаевдин жазган катын КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков фейсбуктагы өздүк баракчасына жарыялады.
«Урматтуу Анвар Артыкович!
КСДПнын жетекчилигине дайындалышыңыз менен куттуктайм. Сиз Кыргызстандын келечегин ойлогон чынчыл жана татыктуу адамсыз. Партияны принципиалдуу жана күчтүү адамдар менен бекемдешибиз керек деп эсептейм. Бизге ошондой эле чечкиндүү кадрлар керек. Катарыбызды бөлүүнү каалагандардан арылышыбыз керек. Бардык тарапташтарымды Анвар Артыковду колдоого чакырам. Биз ушак-айыңдарды унутуп, бардыгын бириктиришибиз керек. Парламенттик шайлоого даярдануу мезгили келди ”,-деп жазылат катта.
Белгилей кетсек, буга чейин КСДПнын жетекчисинин милдетин аткаруучу Асел Кодуранова Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүүгө тартылгандыктан кызматынан баш тартып, Анвар Артыковго өткөрүп берген.