• Ишенби 6 Кулжа 2026
  • Суббота 6 Июнь 2026

Соң-Көл жайлоосундагы эр эңиш оюнда оюнчулар мушташып кетишти

6 Баш оона 20189:14 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 06.08.2018.Govori.TV.
Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Соң-Көл жайлоосунда уюштурулган малчылардын тоюнда мушташ чыккан. Маалым болгондой эр эңишчилердин ортосунда пикир келишпестиктер жаралып, эки тараптын ортосунда уруш чыккан.
Эске салсак, 2-август күнү Соң-Көл жайлоосунда малчылардын майрамы белгиленип, улуттук оюндар боюнча мелдештер да өткөн. Анын алкагында Тоголок Молдо айылынын балбаны менен Жаңы-Талап айылынын балбаны бири-бирин камчы менен чаап жиберген.
Мындан кийин эки балбандын тарапташтары кошо эки-экиден урушуп, мушташканга чейин барган. Аягында аларды милиция кызматкерлери токтотуп калган.
Сүрөт Турмуш сайты
Количество просмотров: 44