• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Соң-Көлдөн мыйзамсыз балык уулаган жаранга 118 миң сом айып салынды

30 Үчтүн айы 2024 8:50 Бишкек Govori.TV

Соң-Көлдөн мыйзамсыз балык уулаган жаранга 118 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Соң-Көл өрөөнүндө мыйзамсыз балык уулоого каршы рейд жүрүп, анын жүрүшүндө Жумгал районунун Кызарт айылынын тургуну Соң-Көлдөн мыйзамсыз балык кармап, ташып кетүүгө даярдап жаткан жеринен кармалган. Анын жанынан 117 даана сиг-лудога балыгы, 7 даана тор (700 м), муз чыкканга 1 даана лом, 1 даана муз астында жүрүүчү аспап алынган.

Ошентип, мыйзамсыз балык кармаган жергиликтүү тургунга ар бир кармалган балык үчүн 1010 сомдон, жалпы 118 миң 170 сом айып салынды.

Аталган факты боюнча топтолгон материалдар кошумча иликтөө үчүн Нарын облустук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 108