• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Соңку суткада 9 өрт кырсыгы катталды

10 Үчтүн айы 2022 11:02 Бишкек Govori.TV

Өлкө аймагында соңку суткада 9 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Өрт чыккан облус-шаарлар:

  • Бишкек шаарында — 3,
  • Ош облусунда — 2,
  • Чүй облусунда — 1,
  • Жалал-Абад облусунда — 1,
  • Ысык-Көл, Баткен облустарында бирден өрт кырсыгы катталды.

Бишкек шаарындагы Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн подьездинин 5-кабатында 3 ч.м. матрац жана жыгач терезе күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ак-Жар конушунда бастырманын 10 ч.м. ички жасалгасы жана отундар күйгөн. Өрт электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушунан улам келип чыккан.

Ак-Ордо конушунда сарайда 1 куб отун жана 10 кап көмүр күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Количество просмотров: 47