• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Соңку жаңылыктар: 26 жаштагы кыз кызганчаак аялдын буюртмасы менен өлтүрүлгөнбү? COVID-19 жугузгандар көбөйүүдө

15 Тогуздун айы 202014:19 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 15-октябрдагы маалыматына караганда, акыркы суткада вирус жугузуп алган дагы беш киши кайтыш болду.

Анын экөө Баткен облусунда, экөө Ош облусунда, бирөө Бишкек шаарында катталды. Саламаттык сактоо министрлигинин эсеби боюнча бул илдеттен каза болгондордун саны 1099 кишиге жетти.

15-октябрга карата соңку бир сутка ичинде коронавирус дагы 388 кишиден жаңы аныкталып, августтан берки эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Марттан бери вирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 50 589ду түздү. Анын 45 080и сакайганы айтылды. Бир күндө 196 адам ооруканалардан айыгып чыкты. Учурда вируска чалдыккан 2092 бейтап стационарда, 1847си үй шартында дарыланууда

ПРЕЗИДЕНТТИН ОТСТАВКАСЫН ТАЛАП КЫЛГАНДАР КАЙРАДАН ЧОГУЛДУ

Бишкек шаарындагы «Ысык-Көл» мейманканасынын алдында Садыр Жапаровдун тарапташтары чогулууда.

Алар президент Сооронбай Жээнбеков менен премьер-министр Садыр Жапаровдун сүйлөшүүсү соңуна чыкмайынча ошол жерде болушарын айтып жатышат.

Ал эми чогулгандардын экинчи бөлүгүн Бишкектеги эски аянтта нааразычылык акциясын улантышууда. Эске салсак, президенттин отставкасын талап кылгандар кечээ, 14-октябрда өкмөт үйүнүн алдына чогулушкан.

БЫЧАКТАЛГАН КЫЗДЫН ӨЛҮМҮНӨ ШЕКТҮҮЛӨР КАРМАЛДЫ

26 жаштагы бычакталган кыздын өлүмүнө шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымат боюнча, 26-сентябрда белгисиз адамдар Төмөнкү Ала-Арча айылындагы үйлөрдүн бирине кирип, бычак менен 62 жаштагы жаранга жана анын кызына кол салышкан. 26 жаштагы Айгерим Токбаева алган жаракатынан улам каза болгон. Ал эми кылмышкерлер изин жашырып кетишкен. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде катталган.

Бул окуя резонанс жаратып, кылмыштын бетин ачуу үчүн ИИМ, Чүй ОИИБ, Аламүдүн РИИБдин тажрыйбалуу кызматкерлеринен ыкчам тергөө тобу түзүлгөн.

Маалым болгондой, кечээ, 14-октябрда ыкчам кызматкерлер кылмышка шектүү 3 адамды кармашты. Алар 31 жаштагы  аял, анын 28 жаштагы айдоочусу  жана 31 жаштагы жаран болгон.

Алдын ала маалыматка караганда, шектүү Б.Ж. кызганычтан улам айдоочусуна жана досуна Айгеримди өлтүрүүгө “буюртма” берген. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.

Количество просмотров: 1027