• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: 31 метрлик флагшток орнотулду. Муфтиятка жаңы имаратты Матраимовдор куруп берет

31 Баш оона 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

ӨЛКӨДӨ ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНҮҮДӨ

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Эгемендүүлүк күнүн жана Байтик Баатырдын 200 жылдыгын майрамдоонун салтанаттуу ачылышында өлкөнүн туусун көтөрдү.

Белгилей кетсек, флагштоктун бийиктиги 31 метрди түзөт.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын Көз карандысыздык күнүнө карата Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чуңкурчак жайлоосунда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтанаттуу иш-чара өтүүдө.

Иш-чарага төрага Акылбек Жапаров башында турган министрлер кабинети, Жогорку Кеңештин депутаттары, өлкөнүн коомдук ишмерлери, Кыргызстанда аккредиттацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын жетекчилери, жарандык коомдун өкүлдөрү жана башкалар катышууда.

Ошондой эле Чуңкурчак жайлоосунда бул күнү XIX кылымдын көрүнүктүү саясий ишмери Канай уулу Байтиктин (Байтик баатыр) 200 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтүүдө.

АЛА-ТОО АЯНТЫ ЖАБЫЛАТ

Бишкектеги Ала-Тоо аянтында Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого карата концерт өтөт.

 Милициянын кайгуул кызматы билдиргендей, аянттын аймагындагы унаа кыймылы саат 14:00дөн 23:00гө чейин чектелет.

«Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат», — деп белгилешти Кайгуул кызматынан.

МАТРАИМОВ МУФТИЯТКА ИМАРАТ САЛЫП БЕРЕТ

Бишкек шаарында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жаңы имаратынын курулушу башталды. Имарат Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн “Исмаил-Ата” фонду тарабынан каржыланууда.

Муфтияттан билдиришкендей, имарат Имам Сарахси атындагы борбордук мечиттин жанында курулуп жатат.

Муфтияттан белгилешкендей, КМДБ жардам сурап көптөгөн фонддорго кайрылган, курулушту каржылоого «Исмаил Ата» фонду макулдугун берген.

Фонддун маалыматына ылайык, жаңы имаратта муфтийдин, Аалым кеңешинин иш бөлмөлөрү, жыйындар залы, окуу залдары, китепкана жайгашат.

Количество просмотров: 159