• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Соңку жаңылыктар: 8 өрт кырсыгы катталды. Колониядан тыюу салынган буюмдар табылды

26 Бештин айы 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

8 ӨРТ КЫРСЫГЫ КАТТАЛДЫ

 Кыргызстанда акыркы суткада 8 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 9 күжүрмөн эсеп тартылган.

ӨКМден билдиришкендей, Бишкек шаарында – 2, Ош облусунда – 1, Чүй облусунда – 4, Баткен облусунда – 1 өрт катталган.

АШУУЛАРДАГЫ АБАЛ

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат караганда, 26-декабрга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок, каттам бар.

Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолунун Чыйырчык, Талдык, Тоң-Мурун ашууларында, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировканын Чапчыма ашуусунда, Бишкек — Ош унаа жолунда, Боом капчыгайында, Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунда, Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун Долон, Чар, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашуулары менен Өтмөк, Ала-Бел, Төө-Ашуу жана башка жолдордо каттам бар.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды жанына күрөк менен чынжырчаларды алып жүрүү менен катар жол эрежелерин так сактоого чакырат.

АБАКТАН ТЫЮУ САЛЫНГАН ЗАТТАР ТАБЫЛДЫ

Оштогу №25 колониядагы камералардан 17 даана уюлдук телефон, ошондой эле тыюу салынган башка буюмдар табылып, алынган. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кабарлайт.

Атайын кызматтын билдирүүсүнө караганда, тыюу салынган буюмдарды эркин алып жүрүү боюнча бул мыйзамсыз иш-аракеттер мекеменин экс-жетекчиси Ж.У.нын макулдугу менен жүргүзүлүп, көрсөтүлгөн коргоо үчүн соттолгондордон системалуу түрдө пара алып турган.

Учурда УКМК тарабынан КР Юстиция министрлигине караштуу Ош шаарынын №25 мекемесинин экс-жетекчиси, кылмыштуу аракеттери тууралуу кошумча маалыматтарды чогултуу жана документтештирүү боюнча тергөө-ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Ж.У. жана башка тиешеси бар адамдар иликтенүүдө.

Количество просмотров: 118