• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Акимдердин укуктары кеңейтилген мыйзамга кол коюлду. Коронавирус жуктургандар көбөйдү

21 Тогуздун айы 2021 14:08 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

21-октябрга карай кыргызстандыктардын арасынан дагы 114 кишиден коронавирус аныкталды. Мурда ооруп жаткандардын экөө каза болду.

Ооруга чалдыккандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда.

Акыркы  эки күндөн бери COVID-19га чалдыккандардын саны жүздөн ашып жатат. Сентябрдын этегинен бери инфекция жуктуруп алгандардын күнүмдүк көрсөткүчү негизинен 60-90дун тегерегинде болуп келди.

Коронавируска каршы республикалык штабдын расмий эсебине ылайык, өлкөдө бул ооруга чалдыккандар 2020-жылдын март айынан бери 180 миңден ашты. Алардын 2643ү көз жумуп, 175 миңдейи айыкты.

АКИМДЕР ТУУРАЛУУ МЫЙЗАМ КАБЫЛ АЛЫНДЫ

Президент Садыр Жапаров «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө»  мыйзамга кол койду.

Мыйзамга ылайык, райондун акимин, шаар мэрлерин президент дайындайт. Акимди дайындоодо жана бошотууда президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңеши менен Министрлер кабинетинин төрагасынын сунушу негиз болот.

Акимдерге мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрүнүн жетекчилерин кызматка дайындоо укугу берилди. Андан тышкары, айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана райондук маанидеги шаарлардын жетекчилерин кызматка дайындайт жана бошотот.

Аким, анын орунбасарлары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчиси кызмат орундарына региондук жана муниципалдык резервдерде тургандардын ичинен гана дайындалат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жетекчилеринин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 4 жылдан 5 жылга узартылды.

ЖЫЛ БАШЫНАН БЕРИ 332 КЫРГЫЗСТАНДЫКТЫН СӨӨГҮ АЛЫНЫП КЕЛИНДИ  

2021-жылдын тогуз айында чет өлкөлөрдөгү элчиликтердин көмөгү менен 332 кыргызстандыктын сөөгү мекенине жеткирилди. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев  маалымат жыйынында билдирди.

Чет өлкөдө каза болгондордун көпчүлүгү Орусияда. Расмий маалыматтар боюнча дипломатиялык мекемелер аркылуу 2020-жылы Орусиядан Кыргызстанга 285 «Жүк-200» жөнөтүлгөн. Ал эми быйыл беш айда мекенге түрдүү себептерден каза болгон 60 жарандын сөөгү алып келинген.

Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугунун маалыматына караганда, жыл сайын орто эсеп менен 15тей «Жүк-200» мекенине жөнөтүлөт.

Кыргызстандын бир миллиондой жумушка жарамдуу жараны чет өлкөлөрдө убактылуу эмгек миграциясында жүрөт. 

Количество просмотров: 151