• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Активист камакта калды. Министрлер ант берди

17 Жетинин айы 2022 14:06 Бишкек Govori.TV

ЖАҢЫ МИНИСТРЛЕР АНТ БЕРДИ

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында жаңы дайындалган саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова, энергетика министри Таалайбек Ибраев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ант берди.

Парламент жыйынына президент Садыр Жапаров катышуда. Бүгүнкү жыйында ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселеси каралып жатат.

ШАМЕНОВ КАМАКТА КАЛДЫ

17-ноябрда Бишкек шаардык соту жарандык активист Илгиз Шаменов камакта калтырды. Бишкектин Биринчи май райондук соту 29-октябрда аны 20-декабрга чейин №1 Тергөө абагына камоо чечимин чыгарган. Илгиз Сарылдык уулунун адвокаттары райондук соттун чечимине каршы арызданып, шаардык сот аны канааттандырган жок.

Ал Москвадан Бишкекке 28-октябрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, жарандык активист Орозайым Нарматова менен чогуу жеткирилген. Илгиз Сарылдык уулу “Социал-демократтар” партиясынан Бишкек шаардык кеңешине депутат болгон. Балык чарба боюнча ишкердик менен алектенип, Жетим-Тоо кенин иштетүүгө каршы кыймылга кошулуп, активдүүлүгүн көрсөтүп жүрөт.

23-октябрда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген негизде бир нече саясатчы жана активисттерди кармап, үйлөрүн тинткен.

УЛУТТУК БАНК ДОЛЛАР САТТЫ

Кыргызстандын Улуттук банкы 16-ноябрда доллардын курсун кармап туруу үчүн валюта рыногуна 55 миллион 200 миң доллар сатты. Бул тууралуу маалымат өлкөнүн негизги банкынын сайтына жарыяланды.

Ушул тапта доллардын расмий курсу 84 сом 42 тыйын болууда. Коммерциялык банктар менен менчик акча алмаштыруу жайларында бир доллар 84 сом 50 тыйындан сатып алынып, 85 сом 50 тыйындан сатылууда.

Дээрлик эки жыл 85 сомдун тегерегинде туруктуу кармалып келген доллар быйыл 24-февралда Орусия Украинага согуш ачкандан кийин кымбаттай баштаган. Март айында бир доллар 106 сомго чейин жетип кайра арзандаган

Количество просмотров: 193