• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: “Алтын казынадагы” жаш кызды зордуктоого шектүү кармалды. Жапаров Нью-Йорк шаарына барат

9 Баш оона 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

ЖАШ КЫЗДЫ ЗОРДУКТООГО ШЕКТҮҮ КАРМАЛДЫ

Бишкектин четиндеги «Алтын Казына» ресторанында жашы жете элек кызды зордуктоого шектелген адам кармалды. Бул тууралуу  Чүй облустук милициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү 20 жаштагы жигит облустук милициянын убактылуу кармоо жайына камакка алынды. Учурда Кылмыш кодексинин «Зордуктоо» беренеси боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

8-августта «Алтын казына» ресторанында администратор болуп иштеген бир нече адам аталган жайдын жашы жете элек официантын зордуктаганы жөнүндө маалымат тараган. Бул тууралуу зомбулукка кабылган кыздын ата-энеси коомчулукка кайрылган. Маалыматка караганда, кылмышка шектүүлөр 17 жаштагы кызды ресторандын жанындагы мейманканага камап, зомбулук көрсөткөн.

Расмий маалымат боюнча, 2021-жылы зордуктоо фактысы боюнча 604 иш катталып, анын 325и кыскарганы белгиленген. Кыргызстанда жашы жете электерди сексуалдык зомбулук көрсөтүү фактылары соңку мезгилде кызуу талкууланып келет. Бир ай мурун дагы бир жашы жете элек 13 жаштагы кыздын зордукталышы коомчулукта резонанс жараткан. Бул боюнча жарандык коом өкүлдөрү өлкө бийлигине кайрылып, тийиштүү чараларды көрүүнү талап кылган

ЧОЛПОН-АТАГА ЖАҢЫ МЭР КЕЛДИ

Ысык-Көлдөгү Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп Жапар Ормонов дайындалды. Бул тууралуу облустук бийликтен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ормонов бүгүн Чолпон-Ата мэриясынын жамаатына тааныштырылып, ишке киришти.

Шаарды буга чейин Бердибек Иманбеков башкарып келген эле.

ЖАПАРОВ НЬЮ-ЙОРККО БАРАТ

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун башкы ассамблеясынын 77-сессиясына катышуу үчүн Нью-Йорк шаарына барат.

КР ТИМ басма сөз кызматынан билдиршкендей, бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелованын Нью-Йоркто Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча Келишимдин 10-Обзордук конференциясынын алкагында БУУнун башкы катчысы Антонио Гуттериш менен жолугушуусунда белгилүү болду.

Эскерте кетсек, БУУнун башкы ассамблеясынын 77-сессиясы 20-26-сентябрь аралыгында Нью-Йоркто өтөт.

Количество просмотров: 422