КЫРГЫЗ ТИЛ МАЙРАМЫ
Кыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болгонуна 33 жыл толду. 23-сентябрь 1989-жылдан бери өлкөдө Кыргыз тили майрамы катары белгиленет.
1989-жылдын 23-сентябрында Кыргызстанда мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам кабыл алынган. Кыргыз тили — мамлекеттик, ал эми орус тили — расмий деген макамга ээ. Жарандык коом өлкөдө кыргыз тилине көңүл жакшы бурулбай, мекеме-ишканалардагы кагаз иштери негизинен орус тилинде жүргүзүлөрүн, жыйындар орусча болорун сындап келет.
Мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө көйгөйлөр бар экени азыркы учада да байма-бай айтылып келет.
ИИМ БИЛДИРҮҮ ТАРАТТЫ
Кыргызстанда социалдык түйүндөрдүн 20га жакын колдонуучусу Интернетке улут аралык кастыкты козуткан агрессивдүү маалымат жайгаштырганы үчүн милицияга чакырылганын Ички иштер министрлиги билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы 23-сентябрда маалымдагандай, аларды милиция Интернетте жүргүзгөн атайын мониторингдин натыйжасында аныктап, азыр териштирүү жүргүзүп жатат.
ИИМ “Соңку кезде социалдык түйүндөрдө чагымчыл мүнөздөгү ар кандай жалган жана такталбаган маалыматтар көбөйдү. Расалык, этникалык, улут жана диний кастык козутуучу чагымчыл материалдарды социалдык түйүндөргө жайгаштырбоого чакырабыз” деп белгилеп, бул үчүн Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин (“Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу”) негизинде кылмыш жообуна тартуу каралганын эскертти.
БАТКЕНГЕ ЖАРДАМ
Кыргыз-тажик чек арасынагы куралдуу кагылышта жабыркагандарга жардам берүү үчүн ачылган атайын эсепке 248 миллион 566 миң сомдон ашуун каражат чогулду. Бул тууралуу Каржы министрлиги 22-сентябрда билдирди.
Расмий маалыматка ылайык, Баткен облусунда калабада жабыркагандар үчүн чогултулуп жаткан акча азырынча сарптала элек. Каргашанын зыянын жоюуга бюджеттен да 497,6 миллион сом бөлүнгөн.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги баштапкы эсептөөлөргө таянуу менен Баткенде талкаланган үйлөрдүн саны 365 экенин маалымдаган. Мындан тышкары, социалдык объектилер жана аскердик казармалар талкаланган. Чыгымды атайын түзүлгөн мамлекеттик комиссия эсептеп жатат.