• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Балага сүйүнчү пул берүү убактылуу токтотулду. Өкмөт жыйынга чогулат

28 Бештин айы 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

АЙРЫМ КАРМАЛГАНДАР АЧКАЧЫЛЫГЫН ТОКТОТТУ

Саясатчы Равшан Жээнбеков ачкачылык кармоону токтотту. Бул тууралуу маалымат анын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

«Мен 27 декабрдан тарта ачкачылык акциясын токтоттум. Акцияны күнөөсүз айымдарды түрмөдөн бошотуу талабы менен баштаган элем. Тилекке каршы максатыбызга жетпедик. Кемпир-Абад маселеси бат эле өлкөдө кимдин ким экенин көргөзөт. Тарых баарын ордуна коёт. Мен жеке эркин, демократиялуу өлкө, жерибиздин бүтүндүгү үчүн күрөшүмдү уланта берем»,-деп жазган ал.

«Массалык башаламандыктарга даярдык көрүүгө» шектелип кармалгандардын ичинен 15тен ашык киши бир нече күндөн бери ачкачылык кармап жатышкан. Алардын ичинен Перизат Суранова, Орозайым Нарматова жана Али Шабдандын ден соолугу начарлап жатканы буга чейин айтылган болчу.

ӨКМӨТ ЖЫЙЫНГА ЧОГУЛАТ

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында бүгүн, 28-декабрда, өлкөнүн министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны болот. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйында министрлер кабинетинин 2022-жылы аткарылган иштери боюнча отчету угулуп, ошондой эле министрлер кабинетинин 2023-жылга иш планы каралат.

Иш-чарага борбордук мамлекеттик органдардын жетекчилери, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышат.

Министрлер кабинетинин жыйыны УТРКда, республикалык жана облустук телеканалдарда жана социалдык тармактардагы баракчаларда түз алып көрсөтүлөт.

СҮЙҮНЧҮ ПУЛ БЕРҮҮ ТОКТОТУЛДУ

Кыргызстанда балага сүйүнчү пул берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады.

Буга «балага сүйүнчү» борборлоштурулган базасынын жаңыланып жатышы себеп болгон.

Төлөмдөр система жаңылангандан кийин, жаңы жылдан тарта бериле баштай турганы кабарланды. Ал эми арыздарды кабыл алуу кадимкидей тартипте улана берет.

Кыргызстанда 2018-жылдын 1-январынан тартып балага 4000 сом сүйүнчү чегериле баштаган.

Количество просмотров: 205