• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Баткенде мектеп өрттөндү. Орусиянын эл аралык издөөдө жүргөн жараны кармалды

7 Бештин айы 2020 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 7-декабрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен эки адам каза болду. Алардын бирөө Бишкек шаарынан, дагы бири Чүй облусунда. Жалпысынан март айынан бери көз жумгандардын саны 1 297 кишиге жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 293 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында – 121 киши жана Чүй облусунда — 63, Жалал-Абад облусунда — 30, Ысык-Көлдө — 46 бейтап.

Оору жуккандардын жалпы саны 75 395 адамга жетти.

Бир күндө 407 бейтап сакайып чыгып, оорудан айыккандардын саны 67 400 киши болду. Ушул күндөрү ооруканада 2 520 адам жатат. Алардын ичинен 32 бейтаптын абалы канаттандырарлык, 1 751 кишиники орто оор, 626 адамдын абалы оор деп бааланууда. Штаб 111 бейтаптын абалы өтө оор экенин кабарлады. Дагы 3 355 киши үйдөн дарыланууда.

БАТКЕНДЕ МЕКТЕП ӨРТТӨНДҮ

Баткен районунун Чоң-Талаа айылындагы орто мектепте өрт чыгып, бир окуу корпусу толугу менен өрттөнүп кетти. Алдын ала маалыматтар боюнча, 7-декабрдын таңында чыккан өрттөн жабыркагандар жок. Өрттү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүргүчтөрү өчүрүшкөн.

Учурда кырсыктын себеби иликтенүүдө.

Жергиликтүү кабарчыбыздын маалыматы боюнча, бул мектепте 330 окуучу окуйт. 1-5-9-11-класстын окуучулары кадимкидей окуп жатышкан. Өрт балдар мектепке келе элек убакта чыккан.

ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлагандай, акыркы сутканын ичинде өлкө аймагында тогуз өрт чыгып, аларды өчүрүүгө 11 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Алдын ала маалыматтар боюнча өрттөн жабыркаган жарандар катталган жок.

ИЗДӨӨДӨ ЖҮРГӨН ОРУСИЯЛЫК ЖАРАН КАРМАЛДЫ

Ушул жылдын 4-декабрында Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Интерпол улуттук борбордук бюросунун жана Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери төрт жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн Орусиянын жаранын кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

41 жаштагы М.Вга Орусиянын Жазык кодексинин «Баңгизаттарды сатуу жана сактоо» беренеси менен айып коюлуп, 2016-жылдан бери издөөдө жүргөн.

Кармалган адам Нарын шаарынын тергөө абагына киргизилди. Эл аралык издөөдө жүргөн шектүүнү Орусияга экстрадициялоо боюнча маселелер чечилип жатат.

Количество просмотров: 132