• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Батукаевдин иши жылгысы жок. Атамбаев сотко келбегени аз келгенсип, айыпталуучунун бири ооруканага түштү

15 Жетинин айы 2019 13:32 Бишкек Govori.TV

Батукаевдин иши боюнча соттук отурум жылдырылды

Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум 29-ноябрга жылды. Бул тууралуу Атамбаевдин жактоочуларынын бири Замир Жоошев билдирди.
“Бүгүнкү соттук отурумга 2 айыпталуучу келбегендиктен, отурум 29-ноябрь саат 15:00го жылдырылды. Буга мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин отурумга келүүдөн баш тарткандыгы жана Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш ишинде шек саналып жаткан Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов ден-соолугуна байланыштуу соттук отурумга келбей калганы себеп болду”,-деп билдирди жактоочу Жоошев.
Эске салсак, Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.


ММКларды бириктирип, корпорация түзүү маселеси каралууда
Өкмөт мамлекеттик Массалык Маалымат Каражаттарын бириктирип, корпорация түзүү маселесин кароодо. Максат – бюджет чыгымдарын оптималдаштыруу.
Бул тууралуу Жогорку Кеңеште 2020-жылдагы бюджеттин долбоорун кароо учурунда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.
Мамлекеттик басылмалардын чыгымдарын азайтуу сунушу менен депутат Дастан Бекешов кайрылган.
– Мамлекеттик массалык маалымат каражаттарына жумшалчу чыгашаны кыскарталы десек, силер тескерисинче ушул жылда 40 миллионду «Пирамидага», «5-каналга» берип атасыңар. Кийинки жылда 10,5 миллион доллар кетет экен. Ошонун ичинде «Кабар» агенттигине 22 миллион сом, «ЭлТР», «МИР» телеканалдарына 552 миллион сом, журнал-гезиттерге жана коомдук телеканалдарга 80 миллион сом жумшалат экен. Кыскартпайсыңарбы, ушуну!- деди депутат.
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова бул кыскартылгандан кийинкиси экенин, облустагы гезит-телеканалдар оптималдаштырылып, медиа-борбор катары түзүлүп жатканын билдирди. Анын айтымында, «Кабар», «5-канал» жана башка мамлекеттик ММКларды бир корпорация катары түзүү каралууда.
Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов июль айында мамлекет республикадагы 34 райондук гезитти каржылоону токтотуу ниетинде экенин айткан.


Футбол: Япония Кыргызстан 2:0
Бишкекте 2022-жылы Катарда боло турчу дүйнө чемпионатынын тандоо турунун тайпалык этаптарынын алкагында 14-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Япония беттешти. Оюн 0:2 эсебинде япондордун пайдасына аяктады. Кыргызстандын футболчулары япон оюнчуларына каршы жакшы оюн көрсөткөнүн башкы машыктыруучу Александр Крестинин билдирди.
«Оюнчулардын жакшы ойноп баштары турган иш. Балдар алгачкы мүнөттөрдө татыктуу ойношту. Гол киргизүү учурлары япондордун курамасындай эле көп болду. Оюнда ар кандай болот, алар гол киргизди, биз киргизе албай калдык. Биз дагы, алар дагы катачылыктарды кетирдик, бирок абдан сапаттуу оюн болду», — деди машыктыруучу.
Кыргызстан F тайпасында Тажикстан, Япония, Мьянма жана Монголия менен ойноп жатат. Буга чейин кыргызстандык футболчулар Тажикстанга 0:1 эсебинде утулуп, Мьянманы 7:0, Монголияны 2:1 эсебинде уткан. Япониянын бул жеңиши командалардын тайпалык баскычын өзгөртпөду. F тайпасында Япония лидер тейден калса,. Кыргызстан экинчи орунда калат, Тажикстан учунчу сапта турат, себеби Тажикстан Мьянмага 4:3 эсебинде жеңилди.
19-ноябрда борбор калаада дагы бир беттеш отот. Бул ирээт Кыргызстан курама командасы Таджикистан командасын оз талаасында тосуп алат.

Количество просмотров: 194