• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Бейшеналиевдин иши ИИМге өттү. Таласта сел жүрдү

23 Кулжа 2022 13:58 Бишкек Govori.TV

БЕЙШЕНАЛИЕВДИН ИШИ ИИМГЕ ӨТТҮ

Саламаттык сактоо министри кызматынан убактылуу бошотулган Алымкадыр Бейшеналиевге карата козголгон кылмыш иши ИИМге өткөрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан ырасташты.

Бишкек шаардык соту 16-июнда Алымкадыр Бейшеналиевди үй камагына чыгарган.

Эске сала кетсек, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коррупцияга шектелип кармалган. Ал УКМКнын Тергөө абагына бир айга камакка алынган. Башкы прокуратура министрге карата жети кылмыш ишин козгогон.

Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин дагы үч кызмат адамы коррупцияга шектелип кармалган.

4-июнда президент Алымкадыр Бейшеналиев жана Курманкул Зулушевди тергөө мезгилине ээлеген кызматтарынан убактылуу четтеткен. Курманкул Зулушев кызматына кайтып келген.

ШВЕЙЦАРИЯ НАРЫНГА КАРАЖАТ БӨЛӨТ

Швейцария “Нарын шаарынын туруктуулугу” долбооруна 6 миллион АКШ долларын бөлүп жатат. Бул тууралуу Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, долбоор климаттын өзгөрүшүнө жана табигый кырсыктардын коркунучуна туруктуу болууга жардам берүү үчүн Нарын шаарынын калкына, инфраструктурасына жана экономикасын колдоо максатын көздөйт.

Беш жылдык долбоорду Нарын муниципалитети жана Ага Хан өнүктүрүү тармагы ишке ашырат.

ТАЛАСТА СЕЛ ЖҮРДҮ

22-июнь күнү саат 20:20 чамасында Талас районунда жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон чогулган сел суулары Көпүрө-Базар айылынын Таштанаалы көчөсүндө жайгашкан 2 үйдүн короосуна суу кирген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, селдин кесепеттерин жоюга Талас райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана 16 куткаруучу тартылган. Куткаруучулар мотопомпанын жардамы менен суу сордуруу иштерин жүргүзүшкөн.

Бүгүн, 23-июнда тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 385