• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Бекназаров элчи болот. Атамбаевдин ден соолугу жакшырды

17 Бештин айы 2019 15:28 Бишкек Govori.TV

КОМИТЕТ БЕКНАЗАРОВДУН ТАЛАПКЕРЛИГИН КОЛДОДУ
Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстандын Малайзиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисин дайындоо маселеси каралып, ага Азимбек Бекназаровдун талапкерлиги жактырылды.
Белгилей кетсек, комитеттин жыйыны жабык эшик артында өттү. Бекназаровдун талапкерлигин 12 депутат колдоп, 1 эл өкүлү каршы добуш берген.
Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болору жөнүндө кабар октябрдын башында чыккан. Өзү муну бышыктап, кызматты президент Сооронбай Жээнбеков сунуш кылганын айткан.
Азимбек Бекназаров буга чейин баш прокурор, Жогорку Кеңештин депутаты, Убактылуу Өкмөттө вице-премьер-министр болуп иштеген.


ЖАКТООЧУ: АТАМБАЕВ СОТКО КЕЛЕТ
Биринчи май райондук сотунда мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук териштирүү башталды.
Мурунку президент Алмазбек Атамбаевди бүгүнкү соттук процесске алып келишет. Бул тууралуу анын жактоочусу билдирди. Айтымында, мурунку мамлекет башчысынын кан басымы калыбына келип, өзүн жакшы сезүүдө.
«Бирок ал отурумга катышабы же жокпу, суроолорго жооп береби же баш тартабы айта албайм. Көрсөтмө берүүдөн баш тартса — бул анын укугу», — деди жактоочу.
Буга чейин мурунку мамлекет башчы процесске катышуудан баш тартып, тергөө абагындагы камерадан чыкпай келген. Мындан улам соттук отурум жылдырылган.
Иш боюнча 19 киши айыпталууда, алардын арасында Алмазбек Атамбаев дагы бар.


ТЕКЕБАЕВДИН ЖАКТООЧУСУ ЛИЦЕНЗИЯСЫН КАЙТАРЫП АЛДЫ
Ленин райондук соту Өмүрбек Текебаевдин мамлекеттик жактоочусу Элмира Чоноеванын лицензиясын кайтарып берүү өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу Govori.TVга жактоочу Таалайкүл Токтакунова билдирди.
Маалыматка ылайык, сот Элмира Чоноева Адвокатуранын этикасын бузган эмес деп тапкан.
” 2017-жылкы соттук процессте Өмүрбек Текебаев менен ӨКМнын мурунку башчысы Дүйшөнкул Чотоновду коргоого анын укугу жок болчу. Бирок сот аны жактоочулук лицензиядан ажыратуу үчүн жетишээрлик негиз тапкан жок”,-деди Токтакунова.
Эске салсак, 2018-жылы Элмира Чоноеванын лицензиясы 2 жылга токтотулган. Ага чейин сот Элмира Чоноеваны Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновун ишин кайра кароого чейин алардын кызыкчылыгын коргойсуң деп милдеттендирген. Бирок айыпталуучулар алардын кызыкчылыгын мамлекеттик жактоочу коргоп чыгышына каршы болушуп, анын объективдүүлүгүнөн күмөн санашкан.

Количество просмотров: 114