• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: “Билим берүүнүн мыктысы” болуунун жолу. Текебаев актанды

8 Тогуздун айы 2019 14:08 Бишкек Govori.TV

Атамбаевдин уулу менен сүрөткө түшкөн Текебаев актанды

Саясытчы Өмүрбек Текебаев коомчулукта талкуу жараткан Атамбаевдин уулу Кадыр менен түшкөн сүрөтү тууралуу жооп берди. Еlgezit.kg агенттигине берген маегинде ал жакында болуп өткөн той тууралуут айтып берген.
“Кадыр эмне себептен сүрөткө түшүүнү каалаганын биз билбейбиз да. Мен аны Бабанов менен сүйлөшүп жаткан учурда көрдүм, анан Бабанов Кадыр сүрөткө түшөлүк деп жатканын айтты. Бир нече мүнөт эле биз бир-эки ооз сөз алмаштык. Ооба ал менин дарегиме сын айткан, бирок ал кайра кечирим сурабадыбы. Мен анын абалын жакшы түшүнүп турам. Анткени жакында эле менин балдарымдын да абалы ошондой эле. Биз аны түртүп анын суранычын аткарбай койсок, өзүбүздү кандай сезмекпиз жана өзүбүздү кечирмек да эмеспиз”, – деди Текебаев.
Эске салсак, “Республика — Ата Журт” фракциясынын депутаты Руслан Казакбаевдин уулунун тоюна барган саясатчылар Текебаев жана Бабанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр менен сүрөткө түшүшкөн. Көп өтпөй бул сүрөт коомчулукта талкууга алынып, түрдүү пикирлер айтылган.


23 жаштагы мугалим “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисин эмне үчүн алган?

Ош шаарында иштеген 23 жаштагы мугалимдин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисине ээ болгону боюнча Билим берүү жана илим министрлиги түшүндүрмө берди.
“Министр менен мугалимдин эч кандай тууганчылык жайы жок. Сөз болуп жаткан Бактыгүл Жапар кызы Билим берүү жана илим министрлигинин сыйлыктар жөнүндөгү жобосунун негизинде, мыйзамдуу түрдө төш белгиге татыган. Ал №50 Паиз Нышанов атындагы мектептин география мугалими. Ош шаарында өткөрүлгөн “Жылдын мыкты мугалими 2019” конкурсунун жеңүүчүсү болгондугуна байланыштуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын сунушунун негизинде “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйланды”, — деп айтылат маалыматта.
Тактоо үчүн министрлик 2018-жылдын 12-февралындагы №157/1 буйрук менен бекитилген ведомстволук сыйлыктар жөнүндөгү жобонун 7-пункту (Сыйлыкка көрсөтүүдө комиссиянын өзгөчө учурларда кароо тартиби жөнүндө) менен тааныштырды.
Билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук сыйлыктар боюнча комиссиясы төмөнкү учурларда сыйлык бериши мүмкүн:
“Жыл мугалими” сынагында, республикалык жана эл аралык масштабдагы сынактардан 1-2-3-орунду ээлегендерге;
Окуучулары республикалык, эл аралык олимпиадалардан, дүйнөлүк жана Азия оюндарынан жеңүүчү болгон мугалимдерге;
Республикалык же көз карандысыз рейтингдерде алдыңкы катарга чыккан, билим берүү тармагынын өсүп-өнүгүшүнө, материалдык-техникалык базасын чыңдоого, жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендерге “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси жана Ардак грамота берүүгө мыйзам жол берет.


Таластагы кыз ала качуунун чоо-жайы текшерилүүдө

Кыз ала качуу боюнча социалдык түйүнгө тараган видео тууралуу териштирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын ага тескөөчүсү Динара Сарногоева билдирди.
Анын айтымында, кыз ала качуу боюнча милицияга расмий арыз келип түшкөн эмес.
«Бул маалымат социалдык түйүндөргө 7-октябрь күнү чыккан. Ошол күндөн баштап, облустук ички иштер башкармалыгы Талас аймагында териштирүү иштерин жүргүздү. Учурда териштирүү иштери уланып жатат. Видео тасмада Талас деп жазылганы менен ал башка региондо дагы болушу мүмкүн»,-деди Д. Сарногоева.

Количество просмотров: 103