• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Бир суткада миңге жакын адам коронавирус жуктурду. Бабанов камакта калды

22 Кулжа 2021 14:01 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Акыркы бир суткада Кыргызстанда коронавирус 931 кишиден жаңы аныкталды. Бул былтыркы жылдын июль айынан берки эң жогорку көрсөткүч. Вирус жугузуп алгандардын эң көбү Бишкекте (435) жана Ошто (147).

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев 22-июнда билдиргендей, COVID-19 илдетинен сегиз бейтап каза болду. Анын бешөө Бишкекте, экөө Чүйдө, бирөө Ошто. Муну менен коронавирустун курмандыктары Кыргызстанда 1 945 кишиге жетти.

Мурда ооруп жаткандардын ичинен 522 киши сакайып чыкты. Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанда 116 546 киши вирус жугузуп алды. Анын 105 932си сакайды. Учурда 2 436 киши стационарда дарыланып жатат. Алардын ичинен 93 бейтаптын абалы өтө оор экени кабарланды.

БАБАНОВ КАМАКТА КАЛДЫ

Бишкек шаардык соту «Кумтөр ишине» байланыштуу камакка алынган мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун бөгөт чарасын жабык карап, аны 31-июлга чейин тергөө абагында калтырды. Сотко саясатчынын адвокаты үй камагына чыгаруу тууралуу арыз жазган.

Жараян болуп жаткан соттун имаратынын алдына Бабановдун ондогон тарапташы чогулуп, «Үй камагына чыксын!», «Боштондук!» жана «Адилет сот!» деп кыйкырып турушту. Ушул тушта митингге чыккандар өкмөт үйүн көздөй баратат. Бабановду 31-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет камакка алган. Ага Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлган. Биричи май райондук соту саясатчыны эки айга тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган.

16 ЖАШТАГЫ КЫЗДЫН СӨӨГҮ ТОКОЙДО ТАБЫЛДЫ

 Кемин районунда адам өлтүрүүгө шектүү кармалды, деп билдирди бүгүн, 22-июнда Чүй ОИИБдин басма сөз кызаты. 21-июнда саат 17:15 чамасында милицияга телефон чалуу болуп, токойдон жаш кыздын денеси табылганы айтылган. Анын денесинде күч колдонулган белгилер бар болчу. Окуя болгон жерге ыкчам топ барып, бул факт Жазык кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталган.

Ал эми кечки саат алтыга жакын жергиликтүү тургун (аял киши) милиция кызматкерлерине кайрылып, 2005 -жылы төрөлгөн кызы жоголгонун билдирген. Ал үйүнөн 21-июнда эртең менен чыгып кеткен бойдон кайрылып барган эмес. Кийинчерээк токойдон табылган маркум 2005-жылы төрөлгөн Х.О. — милицияга кайрылган аялдын кызы экени такталды.

Апасынын айтымында, маркум эртең менен мектепке 9-классты аяктаганы тууралуу күбөлүгүн алуу үчүн жөнөп кеткен. Саат 11:00 чамасында кошунасынын телефону аркылуу алардын талаасындагы сугаруу иштеринен кийин үйүнө бара турганын айткан. Бирок ошол бойдон дайыны чыкпай калган. Көп узабай Кемин РИИБдин кызматкерлери тарабынан шектүү кармалды. Мурда алдамчылык жана бейбашчылык менен сот жообуна тартылган Б.К. (1979-жылы туулган) убактылуу камакка алынды.

Количество просмотров: 233