• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Бишкекте 171 миң жоогазын олтургузулду. Ташиев «Женгону» Оштон алып келүүнү тапшырды

23 Жетинин айы 2023 14:01 Бишкек Govori.TV

ТАШИЕВ УКТ МЕНЕН КҮРӨШ БОЮНЧА

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев «Женго» каймана аты менен белгилүү Кадыр Досонов криминалдык аракетин улантып жатканын, аны Оштон алып келүү тапшырмасы берилгенин айтты.

«Женго» уюшкан кылмыштуу топтордон кайтканы тууралуу интернетте билдирүү кылганы менен криминалдык аракетин улантып жатат.

УКМК төрагасы өлкөдө мындан ары Көлбаев, Матраимов, Женго дегендер болбой турганын, криминалмын деп чыккандардын баары жок кылынарын айтты.

Кримтөбөл «Женго» жер тилкесин мыйзамсыз басып алууга жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого айыпталган. 2021-жылдын февраль айында ал өзү УКМКга келгенин, андан кийин камакка алынганы айтылган.

ИМИНОВ КАМАКТАН ЧЫКТЫ

Кыргызстандын Күрөш федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов СИЗОдон бошотулду. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Соттун чечими менен Ахрор Иминов камакка алуу турүндөгү баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, сыртка чыкпоо тил каты менен абактан бошотулду.

Эске сала кетсек, Иминов КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси “Уюшкан топ түзүү же ага катышуу” боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

171 МИҢ ЖООГАЗЫН ОТУРГУЗУЛДУ

Бишкек шаарынын гүлзарларына жоогазын көчөттөрүн отургузуу башталды. Муниципалитеттен билдиришкендей, жалпысынан быйыл борбор калаанын гүлзарларында 171 миң жоогазын пайда болду.

Жоогазындар Жаштар аллеясы, Эмен паркы, Пушкин көчөсүндө Курманжан Датканын эстелигинин жанына, Театралдык сквер, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын жанына, Абдрахманов/Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде, «Жомок» скверине отургузулуп, жазында шаардын көркүн ачат.

Өткөн жазда борбор калаада 160 миң жоогазын гүлдөгөн.

Количество просмотров: 115