• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Бишкекте эко-полиция түзүү каралууда. Кемпир-Абад иши боюнча сотто  карала баштайт

22 Кулжа 2023 14:00 Бишкек Govori.TV
 

БИШКЕККЕ ГЕРМАНИЯ  ПРЕЗИДЕНТИ КЕЛДИ
Бишкекте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана өлкөгө расмий сапар менен келген Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.
«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында мрамор чатырдын алдында Кыргызстандын жана Германия мамлекетинин мамлекеттик желектери желбиреп турду, Ардак кароол тизилип, килемчелер төшөлдү. Өлкө лидерлери бири-бири менен учурашкан соң, Кыргызстандын жана Германиянын мамлекеттик гимндери жаңырды. Ардак кароол ротасынын командиринин рапортунан кийин мамлекет башчылары тизилген жоокерлердин алдынан өтүштү.
Белгилей кетсек, Германиянын президенти күн мурун Кыргызстанга расмий сапар менен келди.

КЕМПИР-АБАД ИШИ СОТТО КАРАЛАТ
Бүгүн, 22-июнда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абаш иши боюнча айыпталуучулардын ишин сотто алдын ала кароо башталат.
Былтыр 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, адегенде 48 саатка камалган саясатчылар жана активисттер Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган. Андан кийин алардын бөгөт чаралары каралып, камактагы мөөнөтү узартылып турган.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жаткан. Мындан тышкары «Кемпир-Абад иши» боюнча кармалгандарга «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу» беренеси менен да айыптар тагылган.

ЭКОПОЛИЦИЯ ТҮЗҮҮ КАРАЛУУДА
Ыш менен күрөшүүдө жыйынтыкка жетишүү максатында Бишкек шаарында эко-полиция түзүү каралууда. Бул тууралуу Бишкектеги жана Чүй облусундагы абанын булгануу көйгөйлөрү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын экинчи жыйынында айтылды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, комиссия Бишкектин четиндеги конуштарды газдаштыруу, жылуулук электр борборун 15 от казанын газга өткөрүү жана коомдук ден соолукту чыңдоочу борборлорду, мончолорду жана жеке секторлорду текшерүү жөнүндө пунктту киргизүүнү сунуштады.
Ведомстволор аралык комиссияга ыш маселеси менен иш алып барган ондон ашык мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирет.
Ордо калаада акыркы жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланат. Жылытуу сезону башталган учурда баш калааны ыш, кара түтүн каптайт.

Количество просмотров: 71