• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Бишкекте хоккей боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Коронавирус 20 адамдан аныкталды

3 Жалган куран 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА  АБАЛ

Кыргызстанда 3-мартка карата коронавирус 20 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Акыркы суткада 100 адам илдеттен сакайып чыкты, каза болгон учурлар катталган жок.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 169 бейтап, амбулатордук түрдө 403 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 576 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 468 киши айыгып чыкса, 2 миң 960 адам каза болду.

ЖАРАНДАН АКЧА ОПУЗАЛАГАН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын 36 жаштагы жашоочусунан ири суммадагы акчаны опузалап талап кылып жаткан жаран кармалды.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, кылмышка шектүү Ош шаарынын тургуну 1987-жылы туулган Ш.М. адам өлтүрүү үчүн мурда соттолгондугу аныкталган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгына 2022-жылдын 1-март күнү Ош шаарынын 36 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, аны «М» аттуу жаран өмүрүнө, жакындарына коркунуч келтирип, 20 миӊ АКШ доллар өлчөмүндөгү акча каражатын бир нече күндөн бери «WhatsApp» мессенджери аркылуу опузалап талап кылып жаткандыгын билдирген.

Арыз Ош шаардык ички иштер башкармалыгына катталып, КР Жазык кодексинин 208-беренесинин («Опузалап талап кылуу») белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү 2-март күнү саат 17:00 чамасында Ош шаарындагы кафелердин биринде аталган сумманын бир бөлүгүн алып жаткан учурда Ош ШИИБнын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн жана атайын операциялар отрядынын кызматкерлери тарабынан кармалды.

Ал учурда Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат.

ХОККЕЙ БОЮНЧА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫ БАШТАЛДЫ

Бүгүн, 3-мартта Бишкекте 4-дивизиондогу командалар арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионаты башталат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен билдиришти.

Мелдеш шаардык муз аянтында 3-8-март аралыгында өткөрүлөт.

“Бүгүн дүйнө чемпионатынын ачылыш аземи өтүп, андан соң Кыргызстандын курамасы Ирандын командасы менен саат 20:00дө оюн өткөрөт”, — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, аталган турнирде жалпы жонунан беш команда: Кыргызстан, Кувейт, Малайзия, Сингапур жана Ирандын курама командалы күч сынашат.

Количество просмотров: 79