• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Быйыл коронавируска каршы күрөшкө 2 миллиард сом каралды. Активист Кудайберген уулунун абактагы мөөнөтү узартылды

6 Чын куран 2021 13:34 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус дагы эки бейтаптын өмүрүн алды. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов 6-апрелдеги брифингде билдиргендей, бир суткада вирус 124 кишиден жаңы аныкталды. Акыркы күндөрдө илдетке чалдыккандар айыккандардан кыйла көп болууда. Оору жугузуп алгандар негизинен Бишкек менен Чүйдө көп катталып жатат. Министрликтин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган 2020-жылдын март айынан тартып вирустан кайтыш болгондордун жалпы саны 1509 кишиге жетти. Пандемияда оору жугузуп алгандардын расмий эсеби 89 277 кишини түздү. Анын 85 388и айыкты. Акыркы бир суткада 117 бейтап сакайып чыкканы кабарланды.

ВИРУСКА КАРШЫ КҮРӨШҮҮГӨ КАРАЖАТ КАРАЛДЫ

Экономика жана финансы министрлиги 2021-жылы коронавирус пандемиясынын кесепетин жоюуга 2 миллиард 400 миллион сом бөлөт. Мекеменин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, бул каражат негизинен эпидемиологиялык абал курчуп кеткен учурдагы күтүлбөгөн чыгымдарга багытталган. Мындан сырткары кыргыз өкмөтүнүн буйругуна ылайык, оору очогунда иштеген медициналык кызматкерлерге кенемте төлөп берүүгө Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигине 500 миллион сом бөлүнөт. 2020-жылы коронавируска каршы күрөшкө жана бюджетти колдоого Кыргызстанга эл аралык донорлордон 774 миллион 433 миңдей доллар келери маалымдалган. Анын 177 миллион доллары грант, калгандары насыя болору айтылган. Өкмөт былтыр жыл этегинде жалпы эл аралык жардамдын 347 миллиондой доллары алынганын кабарлаган.

АКТИВИСТ КАМАКТА КАЛДЫ

Бүгүн, 6-апрелде Бишкек шаардык сотунда жаңы Баш мыйзамга каршы чыккан жарандык активист Тилекмат Кудайбергеновдун баш коргоо чарасы каралды. Сот имаратынын алдына активисттин жакындары менен тарапташтары чогулду. Шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Активист 15-апрелге чейин камакта болот. Эске салсак, 15-мартта Бишкекте милиция кызматкерлери жарандык активист Тилекмат Кудайбергеновду кармап кетишкен. Ал Фейсбукта Тилекмат Куренов деп катталган. Кийинчерээк Бишкек шаардык милициясы ал социалдык тармактарга жазган билдирүүлөрүндө бийликти күч менен басып алуу жана массалык башаламандыкка чакыруу белгилери бар деп шектелип, камакка алынганын билдирген. Анын жактоочулары Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан.

Количество просмотров: 98