• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Бюджетти колдоого элден түшө турган акча үчүн атайын эсеп ачуу пландалууда. Коронавирустан 1 адам көз жумду

6 Үчтүн айы 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ
Коронавируска каршы ыкчам штабдын 6-январга карата берген маалыматына ылайык, болуп бир сутка ичинде катталгандар — 144 адам. Ушуну менен Кыргызстанда жалпы коронавирус менен ооругандардын саны 81 656 адам болду.
Ошондой эле акыркы суткада оорудан 215 адам сакайып чыкты. Жалпы айыккандардын саны — 77 170 адам. Илдеттен Бишкекте бир адам көз жумду. COVID-19 вирусунан каза болгондордун жалпы саны 1361 адам болду.
Ушул тапта коронавирус диагнозу менен ооруканаларда 912 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен 10 адамдын абалы канааттандырарлык, 624 киши орто оордукта, 224 адам оор абалда, ал эми 54 кишинин абалы өтө оор.


ШАЙЛОО: КООМДУК ТАРТИП
Шайлоо маалында коомдук тартипти сактоого 9 миңден ашык элдик кошуун тартылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов билдирди.
Анын айтымында, өлкө аймагындагы 2 миң 426 шайлоо тилкелерине 5 миң 400дөн ашык милиция кызматкери бекитилди.
“Шайлоо учурунда коомдук тартипти көзөмөлдөөгө 11 миңден ашык милиция кызматкери тартылды. Башка ведомстволордун 2 миң 100 кызматкери да иш алып барат. Ошондой эле 9 миңден ашык элдик кошуун милиция кызматкерлерине көмөктөшөт”, – дейт ал.


ӨКМӨТ ЭЛДЕН ТҮШҮҮЧҮ КАРАЖАТКА ЭСЕП АЧУУНУ КӨЗДӨӨДӨ
Кыргыз өкмөтү элден жана мекеме-уюмдардан республикалык бюджетти колдоо үчүн түшө турган акча каражатын чегерүү, эсепке алуу жана пайдалануу үчүн жалпы мамлекеттик депозиттик эсеп ачууну көздөп жатат. Тийиштүү токтомдун долбоору коомдук талкууга коюлду.
Өкмөттүн расмий сайтындагы маалыматка караганда, эсепти Финансы министрлиги Бирдиктүү казыналык эсептин алкагында (БКЭ) ачат.
Финансы министрлиги даярдаган жобонун долбоорунда бул эсеп «юридикалык жана жеке жактардан ыктыярдуу негизде түшүүчү акча каражаттарын, ошондой эле кызматтык жана экономикалык кылмыштар боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында укук тартибин коргоо органдарынын депозиттик эсептеринен которулган акчаны жалпы мамлекеттик депозиттик эсепке чегерүү, эсепке алуу жана пайдалануу тартибин жөнгө салат».
Башкы прокуратурага, Финполицияга, УКМКга, ИИМге жемкорлордон кайтарылган каражат үчүн депозиттик эсеп 2018-жылы ачылган.
2020-жылдын октябрында Кыргызстанда өлкөнүн тышкы карызын элден чогулткан акча менен төлөө үчүн «Элдик кенеш» деген коомдук кыймыл түзүлгөнү кабарланган.

Количество просмотров: 99