• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Чүйдө эне-бала сууга агып кетти. Тыныбекова Күрөш дүйнөсүнүн рейтингинде 2-орунга көтөрүлдү  

19 Теке 2023 14:04 Бишкек Govori.TV

ЭНЕ-БАЛА СУУГА ЧӨКТҮ

Чүйдө эне-бала сууга агып, бирөөсүнүн сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районундагы Таш-Мойнок айыл аймагына караштуу эс алуучу жайда наристе апасы менен сууга түшүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Кырсык катталган суу жээгине жалпы 12 куткаруучу тартылган.

Издөөнүн натыйжасында куткаруучулар тарабынан А.Э. аттуу аял кишинин сөөгүн суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ал эми кичинекей кызды издөө иштери кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулган. Аны издөө бүгүн дагы уланат.

КЫСКА МЕТРАЖДУУ ТАСМАЛАР ФЕСТИВАЛЫ

Бишкектеги “Манас” кинотеатрында “Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” аттуу XI эл аралык фестивалы өтүп жатат.

Маалыматка ылайык, иш-чара залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 95 жылдыгына арналат. Байге фонду 500 миң сом.

Фестивалга КМШ, Балтика боюндагы өлкөлөрдүн, Грузиянын өкүлдөрү катышууда.

АЙСУЛУУ ТЫНЫБЕКОВА РЕЙТИНГДЕ 2-ОРУНГА КӨТӨРҮЛДҮ

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова (62 кг) Бириккен күрөш дүйнөсүнүн рейтингинде 2-орунга көтөрүлдү. Аталган рейтинг 13-16-июлда Венгрияда өткөн рейтингдик турнирден кийин өзгөртүлгөн.

Анда Тыныбекова алтын медаль уткан. Бул жыйынтык Кыргызстанга 8000 упай алып келди.Азыр Тыныбекованын активинде 66075 упай бар жана 3-орундан 2-орунга көтөрүлүп жатат.

Количество просмотров: 75