• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Чүйдө ок атылып, бир адам жабыркады. Вирус дагы 199 адамдан табылды

26 Чын куран 2021 14:10 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 26-апрелдеги маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен эки адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын бири Бишкектеги, экинчиси Нарындагы ооруканада жатышкан. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондор 1584 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 199 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында  жана Чүй облусунда . Өлкөдө бул оору жуккандардын жалпы саны 94 030 адамга жетти.

Бир күндө 146 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 1449 адам жатат, дагы 1801 бейтап үйдөн дарыланууда.

БЕКСУЛТАН ЖАКИЕВ АКЫРКЫ САПАРГА УЗАТЫЛДЫ

Бишкекте 26-апрелде белгилүү драматург, кинодраматург, публицист жана жазуучу, коомдук жана саясий ишмер Бексултан Жакиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Опера жана балет театрынын алдында өткөн иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, премьер-министр Улукбек Марипов, экс-президент Сооронбай Жээнбеков, маркумдун жакындары жана коомчулук өкүлдөрү катышты. Президент Садыр Жапаров баштаган өлкө жетекчилеринин, коомчулук өкүлдөрүнүн атынан жарыяланган көнүл айтууда (некролог) Жакиев башында драматург катары таанылса, кийин элди руханий кризис мөгдөтүп турган учурда публицистика аркылуу коомду агартууга өз салымын кошуп келаткандардын башкы сабында турганы, Кыргыз Республикасынын Баатыры катары өзүн коомго, мамлекетке керектүү адам экендигин далилдей алганы айтылды.

Кыргыз Республикасынын Баатыры, Эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, III даражадагы «Манас» ордени жана «Даңк» медалы менен сыйланган Бексултан Жакиев 25-апрелде катуу оорудан улам 85 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Маркумдун өөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат.

ЧҮЙДӨ ОК АТЫЛЫП, 1 АДАМ ЖАБЫРКАДЫ

Кайыңдыда пикир келишпестиктен улам ок атылып, бир адам жараат алган. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-апрель күнү Панфилов районунун ички иштер бөлүмүнө “102” кызматы аркылуу Кайыңды шаарындагы базардын жанында эркек кишинин мылтыктан жараат алгандыгы жөнүндө билдирүү келип түшкөн.

Бул факт Панфилов РИИБнин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси (бейбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, үстүбүздөгү жылдын 25-апрелге караган түнү саат 01:30 чамасында бир нече баладан турган эс алуучу компанияга, алардын жанынан өткөн эки жигиттин ортосунда оозеки пикир келишпестик болуп, жыйынтыгында өтүп бара жаткан экөөнүн бири жаш жигиттерди көздөй эки жолу ок чыгарып, белгисиз тарапка изин суутуп кеткен. Бардык жагдайлар такталууда. Натыйжада 22 жаштагы жарандын денесине эки жолу ок тийип, райондун аймактык ооруканасына жеткирилген. Аталган кылмышка шектүү катары Кайыңды шаарынын 27 жаштагы  жергиликтүү тургуну кармалган. Учурда кармалган адам убактылуу кармоочу жайга камалды. Сотко чейинки өндүрүш иши уланып, керектүү экспертизалар дайындалды.

Количество просмотров: 117