• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Чек арада таңга жуук ок атылды. COVID-19дун 12 жаңы учуру катталды

14 Кулжа 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

ЧЕК АРАДА КАЙРАДАН ОК АТЫЛДЫ

Баткен районунун Булак-Башы аймагында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында 14-июнь күнү таңга жуук ок атылды. Бул тууралуу чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, саат 6:50-7:00дө Булак-Башы аймагында тажик чек арачылары биринчи ок аткан. Ага жооп катары кыргыз чек арачылары асманга ок чыгарган.

Кыргызстандын чек ара кызматы 07:50дө тажик тарап гранатомет жана миномет менен кайра атып, саат 8:10дө атышуу токтогонун, бирок абал кооптуу экенин билдирди.

АЗИЯ КУБОГУ: КЫРГЫЗ-ТАЖИК БЕТТЕШИ ӨТӨТ

Бүгүн, 14-июнда футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарында Кыргызстан менен Тажикстандын улуттук курама командалары беттешет. Оюн саат 21:00дө Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтөт.

Бул F тайпасында жыйынтыктоочу оюн. Буга чейин Кыргызстан Сингапурду 2:1, Мьянманы 2:0 менен уткан. Тажикстан Мьянманы 4:0, Сингапурду 1:0 менен жеңди.

Ушул тапта F тайпасында Кыргызстанда да, Тажикстанда да алтыдан упай бар. Бирок Кыргызстандын курама командасы гол киргизген жана өз дарбазасына өткөрүп жиберген топтордун айырмасы боюнча Тажикстандын курамасынан кийинки экинчи орунду ээледи.

Азия кубогу 2023-жылы Кытайда өтөт.  Азия кубогу – Азиядагы футбол боюнча улуттук курама командалардын негизги мелдеши. Ал 1956-жылдан бери төрт жылда бир жолу өткөрүлүп турат. 

КОРОНАВИРУСТАН ЖАҢЫ УЧУРУ КАТТАЛДЫ

Кыргызстанда өткөн жумада COVID-19дун 12 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жугуштуу ооруларды алдын алуу жана эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева билдирди.

Анын айтымында, анын ичинен 3 учур өлкөдөн чыгууда анализ тапшыруу учурунда аныкталса, 3 учур сырттан келген.

“Калган бейтаптарда оорунун белгилери байкалган. Жалпысынан бейтаптарда оору симптомсуз жана жаңил формада өтүүдө. Алар үйлөрүндө дарыланышууда”, — деди ал.

Количество просмотров: 381