• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: COVID-19 дан 2 адам каза болду. Пара талап кылган алдамчылар кармалды

29 Жалган куран 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС АЗЫРКЫ АБАЛ

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 29-март күнү эртең менен берген маалыматына караганда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 2 адам каза болду.

Вирус 71 кишиге жукканы маалымдалды.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдеттин курмандыктары жалпысынан 1483 кишини түздү.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 88 163 адамга жетти. Акыркы суткада вирустан 53 адам айыгып чыкты. Жалпы айыгып чыккандардын саны – 84 653.

Стационарда дарыланууда 550 бейтап бар. Анын 23ү өтө оор, 122си оор абалда жатат.

COVID-19ГА КАРШЫ ЭМДӨӨ БАШТАЛДЫ

Коранавируска каршы эмдөөдөн өткөн адамда кандайдыр бир реакциялар болсо, өкмөт менен Саламаттык сактоо министрлиги жоопкер болот. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйында билдирди.

“Бул вакцина дүйнөнүн 53 өлкөсүндө колдонулган экен. Анын таасири дене тап бир аз көтөрүлүп, адамды алсыратат экен. Вакцинаны алган адамдын саламаттыгында оорчулуктар болсо, өкмөт менен Саламаттык сактоо министри жооп берет. Анын ичинде министр катары мен жооп берем”.

Кыргызстан коронавируска каршы жапырт эмдөөнү бүгүн, 29-мартта баштады. Вакцинаны алгачкылардан болуп Алымкадыр Бейшеналиев алды.

Алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда “кызыл зонада”, бейтапканада, «Тез жардамда» иштеген медицина кызматкерлери, мугалимдер жана күч органдарынын өкүлдөрү эмделет.

АЛДАМЧЫЛАР КАРМАЛДЫ

Өздөрүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери катары тааныштырып, пара талап кылган эки адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Л.Д.Э. жана Т.у.Ж. аттуу адамдар Сокулук районунун тургунунан 5000 доллар талап кылышкан. Шектүүлөр 26-мартта 50 миң сом алып жаткан жеринен колго түшкөн.

Алар буга чейин да арыз жазган адамдан 190 миң сом жана 1000 доллар алган. Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ушул тапта тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүрүп жатат.

Количество просмотров: 114