• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: COVID-19дан 6 бейтап каза болду. Жапаров Сочиге кетти

24 Бугу 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы күрөш боюнча штабдын 24-майда берген маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен алты бейтап каза болду. Алардын төртөө Бишкектен, бирөө Чүй облусу жана дагы бирөө Талас облусунан катталды.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдеттин курмандыктары жалпысынан 1757 кишиге жетти. Вирус акыркы бир суткада оору дагы 191 кишиден аныкталды.

Расмий маалыматка караганда, ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны 102 702​ адам жугузуп алды. Жалпы айыгып чыккандардын саны 96 119 миңге чамалады.

Учурда 1571 киши ооруканада дарыланып жатат. Алардын ичинен 81 бейтаптын абалы өтө оор, 411 адам оор экени кабарланды.

ЖАПАРОВ РОССИЯГА КЕТТИ

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-майда, иш сапары менен Россия Федерациясынын Сочи шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Анда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы байланыштарды кеңейтүүнүн келечегин талкуулоо пландаштырылууда. Регионалдык коопсуздукту, анын ичинде ЖККУ, КМШ жана ШКУнун алкагындагы коопсуздукту камсыз кылуу кызыкчылыгында өз ара аракеттенүүгө, ошондой эле евразиялык экономикалык интеграцияны тереңдетүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.

Жолугушуунун жүрүшүндө коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы көрүлүп жаткан чараларды, Кыргыз Республикасына россия вакцинасын жеткирүүнү талкуулоо мерчемделүүдө.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Гүлнара-Клара Самат бар.

АКЫРКЫ КОҢГУРОО ОНЛАЙН ӨТӨТ

Ички иштер министрлиги 2020-2021-окуу жылынын аяктап жатканына байланыштуу аймактардагы башкармалыктар менен жыйын өткөрдү. Анда «Акыркы коңгуроо» салтанаты учурунда окуучулардын коопсуздугун камсыздоо маселеси талкууланды. ИИМдин басма сөз кызматы жыйын онлайн өтүп, ага облустагы бардык башкармалыктардын жетекчилери катышканын маалымдады.

Быйылкы «Акыркы коңгуроо» аралыктан, онлайн форматта өтөрү пландалганы менен коомдук тартипти 3 391 милиция кызматкери көзөмөлдөп турат. Буга чейин ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр арасында түшүндүрүү иштери жүрүп, «таң тосуу», жаратылышка эс алууга чыгуу, ресторан, кафелерде кече уюштурууга болбой турганы эскертилди. Кыргызстанда жалпы 2 296 мектеп бар. Коронавирус пандемиясынан улам «Акыркы коңгуроо» салтанаты быйыл экинчи ирет онлайн уюштурулуп жатат.

Количество просмотров: 140