• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Соңку жаңылыктар: COVID-19дан дагы 4 адам каза болду. Казак чек арачылары кармаган кыргызстандыктын иши сотко өттү

27 Үчтүн айы 202214:09 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

27-январга карата Кыргызстанда коронавирус 479 адамдан жаңы аныкталды. Ооруну жаңы жуктуруп алгандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынын тургундары (289).

Саламаттык сактоо министрлиги вирустан акыркы суткада дагы төрт бейтап каза болгонун билдирди. Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуккандардын жалпы саны 197 миңден ашты, 2862 бейтап каза болду.

Бир суткада 629 адам айыгып чыкты. Ушул күндөрү 1100дөн ашуун бейтап ооруканаларда, 6,5 миңдей адам үйүндө дарыланууда.

Саламаттык сактоо министрлиги ай башында коронавирустун «омикрон» штаммы катталып, өлкөдө коронавирустун төртүнчү толкуну башталганын билдирген. Оору кескин көбөйгөндүктөн Бишкек «кызыл зонага» кирип, бир катар билим берүү мекемелери онлайн форматта окууга өткөн.

ТАЛАПКЕРЛЕРДИ КАТТОО БҮГҮН АЯКТАЙТ

Бишкектин кайра шайлоо өтчү бир мандаттуу №27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдарынан депутаттыкка талапкер болуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз тапшыргандардын саны 60ка жетти. Алардын дээрлик бардыгы өзүн-өзү көрсөтүшкөн.

БШК алардын 18ин талапкер кылып каттады. Расмий катталгандардын аты-жөнү Боршайкомдун расмий сайтына жарыяланды. Соңку күндөрү арыз тапшыргандардын арасында Жогорку Кеңештин учурдагы депутаты Исхак Масалиев, саясат таануучу, экс-депутаттар жана башкалар бар.

Ал ортодо Боршайком 27-февралга дайындалган кайра шайлоого талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыздарды кабыл алуу 2022-жылдын 27-январында саат 18.00дө аяктаарын эскертти.

Бул эки округда 2020-жылдын 28-ноябрындагы шайлоодо “баарына каршы” деген добуштар көп болгондуктан быйыл 27-февралга кайра шайлоо дайындалган.

КАЗАКСТАНДА КАРМАЛЫП ТУРГАН КЫРГЫЗСТАНДЫК КАЧАН КОЕ БЕРИЛЕТ?

Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Каркыра жайлоосунан Казакстандын чек арачылары кармап кеткен Сыймык Өмүрбек уулунун соту жакынкы күнгө белгиленген. Бул тууралуу Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов билдирди.

Арипов билдиргендей, Сыймык Өмүрбек уулу чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө айыпталууда. Учурда ал тергөө абагында кармалууда.

«Кыргыз-казак чек ара аймагында кармалган жаран боюнча Алматыдагы башкы консулдук Казакстандын Тышкы иштер министрлигине нота жолдогон. Биздин консулдук Казакстандагы тиешелүү органдар менен байланышып иштеп жатат. Соттун чечимин күтүп жатабыз, отурум жакынкы күнгө белгиленген. Жараяндан кийин бошотулушу керек»,-деди Арипов.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Каркыра жайлоосунан Казакстандын чек арачылары кармап кеткен Сыймык Өмүрбек уулунун апасы Чынара Тамаева буга чейин презединт Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылган. Анда ал 1999-жылкы студент уулу мал издеп жүрүп коңшу өлкөнүн чек арасына кокусунан өтүп кеткенин айтып, аны кайтарып келүүгө көмөк сураган. Окуя 10-январда болгон.

Количество просмотров: 70