• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Дары-дармекти мыйзамсыз ташуу аракети бөгөттөлдү. Аламүдүн капчыгайында жаранды издөө уланууда

22 Үчтүн айы 2024 14:00 Бишкек Govori.TV

ЖОГОЛГОН ЖАРАНДЫ ИЗДӨӨ УЛАНУУДА

Аламүдүн капчыгайында бир жумадан бери дайынсыз болуп жаткан жаранды издөө 22-январда уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) жана Ички иштер министрлигинин (ИИМ) 273 кызматкери 9 дрон, 14 техниканын жардамы менен капчыгайда издөө ишин жүргүзүп жатат.
28 жаштагы Маматалы уулу Мухамедаалы 14-январда үйүнөн чыгып кеткен боюнча табыла элек. Анын тоону таяп бара жатканы Аламүдүн капчыгайындагы «Жаннат Резорт» мейманканасынын камерасына түшүп калган.

ЖОЖДОРГО  КАБЫЛ АЛУУНУН IV ТУРУ БАШТАЛДЫ

Бүгүн2023-2024-окуу жылына Кыргызстандын жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуунун IV туруна каттоо башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 24-январь саат 14:00дө аяктайт. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 25-январда саат 09:00го чейин жайгаштырылат.

Кабыл алууга сунушталган абитуриент окууга болгон каалоосун 27-январь саат 16:00гө чейин тастыктоосу керек.

Эскерте кетсек, абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуунун I туру 2023-жылдын 25-декабрында башталган.

ДАРЫ-ДАРМЕКТИ МЫЙЗАМСЫЗ ТАШЫП КЕЛҮҮ БӨГӨТТӨЛДҮ

Дары-дармектердин мыйзамсыз ташылып келүүсүнүн ири партиясына бөгөт коюлду.

УКМКнын маалыматына ылайык, атайын кызмат тарабынан Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын жардамы менен эсепке алынбаган товарлар менен иштөө боюнча, республикалык бюджетке зыян келтирген кылмыштардын бетин ачууга жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын уюштуруунун натыйжасында 18-январда «Ак-Тилек-унажолу» чек ара тилкесинде жүк ташуучу документтери ишенимсиз «Вольво» үлгүсүндөгү унаа кармалган, анда айыл чарба буюмдарына жамынып, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды алып келүүгө жана Кыргызстандын салык органдарында каттоого турууга тиешелүү документтери жок, баасы 50 млн сомдон ашык 450 ящиктен турган кымбат баалуу дары-дармектердин ири партиясы табылган.

Количество просмотров: 72