• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Дем алыш күнү 22 өрт кырсыгы катталды. Бишкек менен Чүйдүн айрым көчөлөрүнө чектөө кирет

23 Тогуздун айы 2023 14:01 Бишкек Govori.TV

ТӨӨ-АШУУДА КАР ЖААДЫ

Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашууда жаан карга айланып, жол туман болууда. Буга байланыштуу жол коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгы Бишкек-Ош унаа жолуна сапарга чыккан айдоочуларга кайрылып, унаа дөңгөлөгүн кышкыга алмаштыруу керектигин жана автоунаалар ортосундагы аралык 500 метр болушу зарыл экенин белгилешти.

Ошондой эле карама каршы тилкеге чыкпай айдоону эскертет.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 23-октябрда көпчүлүк аймакта жаан, тоолуу райондордо кар жаай  турганын кабарлады.

БИШКЕК МЕНЕН ЧҮЙДӨ АЙРЫМ КӨЧӨЛӨРГӨ ЧЕКТӨӨ КИРЕТ

25-27-октябрда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүнө чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, бул күндөрү Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин премьеринин расмий иш сапары, Монголиянын премьер-министринин Кыргыз Республикасына жумушчу сапары жана ШКУ, КМШ жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны күтүлүүдө.

«Буга байланыштуу мыйзамдуулукту жана тартипти камсыз кылуу боюнча бардык чаралар тийиштүү деңгээлде көрүлөт», — деди ал.

Исмаилов белгилегендей, бүгүнкү күндө ички иштер органдарынын күчтөрү жана каражаттары эсептелип, ага ылайык коомдук тартипти жана жол коопсуздугун сактоого 4 миңге жакын кызматкер тартылат.

22 ӨРТ КЫРСЫГЫ КАТТАЛДЫ

Кыргызстанда дем алыш күнү 22 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 24 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунда – 5; Ош облусунда – 4; Жалал-Абад облусунда – 4; Баткен облусунда – 3; Бишкек шаарында – 2; Нарын облусунда – 2; Ысык-Көл облусунда – 1; Талас облусунда – 1 өрт кырсыгы катталды.

Количество просмотров: 67