• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Доллардын наркы өстү. Бишкекте митинг өткөрүү жерлерине чектөө узарды

12 Тогуздун айы 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

МИТИНГДЕРДИ ЧЕКТӨӨ  УЗАРДЫ

Бишкекте митинг өткөрүү жерлерине чектөө узартылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда. Биринчи май районунун акимиаты митинг өткөрүү жерлерин чектөөнү убактылуу узартуу арызы менен райондук сотко кайрылган.

«Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин, Россия Федерациясынын элчилигинин имараттарынын жанында, «Ала-Тоо» аянтында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдында тынч чогулуштарды жана митингдерди өткөрүүнү чектөө боюнча Биринчи май райондук администрациясынын чечимин күчүндө калтырды. Бул чектөөлөр 2023-жылдын 1-октябрынан 31-декабрына чейин күчүнө кирди жана күчүндө болот»,-деп айтылат маалыматта.

Эми бардык чогулуштар, митингдер Рыскулов жана Н.Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги М.Горький атындагы скверде өткөрүлөт.

ФАЙЗИЕВ 2 АЙГА КАМАЛДЫ

Элит Хаус курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен Ф.Т.А.га карата Бишкектеги СИЗО-1 тергөө абагында кармоо менен 2023-жылдын 9-декабрына чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Буга чейин УКМК тарабынан Elite House курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев кармалганы кабарланган.

Атайы кызмат бул тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек.

ДОЛДАРДЫН КУНУ ӨСТҮ

12-октябрга карата Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда доллардын курсу жогорулап 89 сомдон ашты.

Маалыматка ылайык, сатуу курсу орточо 89,22 сомду, сатып алуу 89,01ди түзүүдө.

Ал эми Улуттук банктын расмий курсу 88,92 сом болууда.

Количество просмотров: 65