• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Дыйканбай Даминов коррупцияга шектелип кармалды. Коронавирустун саны азайды

2 Жалган куран 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы абалдын турукташканына байланыштуу коронавирус инфекциясы менен ооруган бейтаптар үчүн орундуктардын санын кыскартты. Бул тууралуу агенттикке Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, инфекциялык оорукана негизги багыт боюнча ооруларды кабыл алууну улантат

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2-мартка карата коронавирус 29 адамдан аныкталды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюенча, акыркы суткада 94 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 161 бейтап, амбулатордук түрдө 491 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 556 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 368 киши айыгып чыкса, 2 миң 960 адам каза болду.

“ОШЭЛЕКТРДИН” МУРДАГЫ БАШЧЫСЫ КАРМАЛДЫ

“Ошэлектр” ачык акционердик коомундагы 2016-2020-жылдардагы коррупциялык иштер үчүн аталган ишканынын мурдагы жетекчиси Дыйканбай Даминов кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 2016-2020-жылдар аралыгында аталган ишкананын жооптуу кызмат адамдары электр энергиясына болгон дебитордук карыздарды мыйзамсыз баланстан чыгарышып, мындан улам 134 млн. 404 миң сом зыян келтирилген деп айтылат маалыматта.

Бул факт боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Корруция”) менен кылмыш иши козгоп, кылмышка шектүү катары аталган ишканынын мурдагы жетекчиси Дыйканбай Даминов кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

БИР АДАМ ИСКЕ УУЛАНДЫ

Жалал-Абадда турак үйдөн өрт чыгып, бир адам иске ууланып каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-мартта саат 09:25 Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарына караштуу Сай-Коргон айылынында турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине № 78 ӨКБнүн эки бөлүмү тартылып, аталган турак жай саат 09:45те чектөөгө алынган, өрт саат 10:57де толук өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен 38 жаштагы А.С. аттуу эркек киши түтүнгө ууланып каза болгон.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана материалдык чыгым такталууда.

Количество просмотров: 131