• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Күйөөсү тарабынан көчөдө сабалган аял арыз жазган жок. Коронавирустан 4 адам каза болду

31 Үчтүн айы 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 31-январга карата коронавирус 205 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Акыркы суткада төрт кыргызстандык каза болду.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 198 миң 316 адам коронавирус жуктурган. Ал эми илдеттен жуккан 2 миң 880 адам каза болду.

АЗ КАМСЫЗ БОЛГОН ҮЙ-БҮЛӨЛӨРГӨ ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯНЫН БААСЫ

Аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн электр энергиясынын 1 кВт/сааты 77 тыйындан 50 тыйынга чейин төмөндөтүлдү. Жаңы тариф 2022-жылдын 1-январынан тартып жеткиликтүү болду. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.

Президент Садыр Жапаров аз камсыз жарандар үчүн тарифти төмөндөтүү тапшырмасын декабрда берген.

Жеңилдикке 16 жашка чейинки баласы бар, «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алгандар ээ болду. Керектөө 700 кВт/саттан ашса, алар 2,16 сомдон төлөшөт.

2021-жылы 15-октябрдан тартып электр энергиясы жана жылуулук үчүн жаңы тарифтер күчүнө кирип, өндүрүш үчүн баа кымбаттаган.

Калк 700 кВт/саатка чейинки электр жарыгы үчүн 77 тыйындан, андан ашса 2 сом 16 тыйындан төлөйт. Мекеме-ишканалар, компаниялар үчүн тариф 1 сом 68 тыйындан 5 сом 4 тыйынга чейин белгиленген.

КӨЧӨДӨ АЯЛЫН САБАГАН ЭРКЕК

Бишкекте 30-январда саат 23:00дөр чамасында өтүп бара жаткандар Ахунбаев жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде күйөөсү аялын сабап жаткандыгы тууралуу милицияга билдиришкен.

Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, окуя болгон жерге Ленин райондук милициясынын тергөө-ыкчам тобу барган. Келгенден кийин ошол күнү саат 17:30дар чамасында жубайлар достору менен конокко барып, андан кийин жубайлардын ортосунда оозеки чыр-чатак чыккандыгы тууралуу алгачкы маалыматтар алынган. Аялы көчөгө чыкканда күйөөсү артынан келип, ага күч колдонуп, ур-тепкиге ала баштаган.

Аталган факт Бишкек шаардык Ленин райондук милициясына каттоого алынган.

Аялы күйөөсү боюнча милицияга жазуу жүзүндө арыз берүүдөн баш тартып, эч кандай дооматы жок экенин билдирген. Азыркы учурда иликтөө уланууда.

Количество просмотров: 108