• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Кафеде ок аткан жаран кармалды. Улуттук банк кайрадан доллар сатты

14 Бирдин айы 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

КАФЕДЕ ОК АТКАН ЖАРАН КАРМАЛДЫ
Ысык-Ата районундагы “Империя-Пиццы” кафесинде ок аткан жаран кармалды. Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматынын маалыматы боюнча 29-январь күнү Ысык-Ата РИИБге Кант шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан “Империя-Пиццы” кафесинин администратору 1982-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Себеби 29-январь күнү болжол менен саат 05:50 чамасында азиат улутундагы болжол менен 30-40 жаштагы белгисиз адам мас абалында коомдук тартипти бузуп, белгисиз үлгүсүндөгү травматикалык тапанча менен бул кафенин 2-кабатынан кафенин күзөтчүсү, Ысык-Ата районунун тургуну 1984-жылы туулган жаран тарапка ок чыгарган. Натыйжада күзөтчү сол далысынан жаракат алган.
Бул факт Ысык-Ата РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын тургуну 1986-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө уланууда.

МАМЛЕКТТИК МҮЛК МЫЙЗАМСЫЗ БЕРИЛИП КЕТКЕН
Ошто мамлекеттик мүлк мыйзамсыз ижарага берилип, мамлекетке 1,9 млн сом зыян келтирилген. Маалыматка ылайык, Ош шаардык прокуратурасы тарабынан мамлекеттик мүлктөрдү мыйзамсыз ижарага берилгендиги аныкталып, аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголду.
Текшерүүдө, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун Ош, Баткен облустары жана Ош шаары боюнча өкүлчүлүгүнүн кызмат адамдары жана “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын Ош шаарындагы бөлүмүнүн кызмат адамдары аталган мекемеге караштуу мамлекеттик имаратты аукциондон өткөрүүдөн качып, мамлекетке түшө турган пайданы атайын азайтып, жеке жактардын атынан жасалма келишимдерди түзүп, өздөрүнө пайда табуу максатында “А.Т.” жеке мектебине, жеке жана юридикалык жактарга ижарага беришип, мамлекетке 1 млн 964 миң 373,71 сомдук ири өлчөмдө зыян келтирилгендиги аныкталган.
Бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

УЛУТТУК БАНК ДОЛЛАР САТТЫ
Улуттук банк валюта рыногундагы абалды турукташтыруу үчүн интервенция жасады.
Улуттук банктын расмий сайтында маалымдалгандай, 13-февралда УБ валюта рыногуна 40 млн 220 миң доллар (бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен) саткан.
Муну менен Улуттук банк жыл башынан бери валюта рыногуна үчүнчү ирет интервенция менен чыгып жатат.

Количество просмотров: 139