КАНАЛДАН АЯЛДЫН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ
Бишкекте каналдан аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаанын Шабдан Баатыр проспектиси менен Муктар Ауэзов көчөсүнүн кесилишинде каналдан аялдын сөөгү табылган.
Жерине 5 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Учурда Свердлов райондук милициясынын кызматкерлери тарабынан маркумдун өздүгү такталууда.
№1 АБАК ШААРДЫН ЧЕТИНЕ КӨЧҮРҮЛӨТ
Бишкектеги №21 тергөө абагы шаар сыртына көчүрүлөт. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик (ЖАК) кызматынын жетекчисинин орун басары Кемел Садыков Фейсбук баракчасындагы түз эфирде билдирди.
«Коомдук тартипти сактоо үчүн шаардын ортосундагы мекемелерди сыртка көчүрүү планы бар. №21, №23, №25 абак мекемелерин сыртка көчүрүүгө иш-аракеттер жүрүп жатат. Иш качан башталары белгисиз», — деди Садыков.
Бишкектин Пудовкин-Горкий көчөсүндө жайгашкан №1 тергөө абагында сот чечими чыга элек кылмышка шектүүлөр отурат. Учурда анда канча киши кармалып турганы белгисиз. Укук коргоочулар абакта кармалгандардын шарты начар экенин айтып келишет.
БИШКЕК-БАЛЫКЧЫ ПОЕЗДИ КАТТАЙТ
2023-жылдын 17-июлунан 31-августка чейин № 608/609 «Бишкек-2 – Балыкчы» багытындагы жүргүнчү поезди күнүгө каттай баштайт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.
Жөнөкөй вагонго билет баасы чоң адамдарга 150 сом, жаш балдарга 73 сом болсо, люкс вагон: чоң адамдарга 500 сом, жаш балдарга 250 сомду тузөт.