• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Соңку жаңылыктар: Каракол – Эңилчек унаа жолунда кар көчкү түштү. Түркияга жардам чогултуу уланууд

24 Бирдин айы 202314:00 Бишкек Govori.TV

ТҮРКИЯГА ЖАРДАМ
Бүгүн, 24-февралга карата Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 63 млн 427 миң 307 сом жана 15 миң 250 рубль түштү. Бул тууралуу Каржы министрлиги кабарлады.
Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган.
Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат.

ЖАПАРОВ БАТКЕНГЕ КЕТТИ
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусунда жумушчу сапары менен жүрөт. Жумушчу сапардын алкагында Акылбек Жапаров Баткен облусунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында 2022-жылдын 14-17-сентябрь күндөрү орун алган каргашалуу окуялар учурунда талкаланган турак жайлардын ордуна салынган үйлөрдүн сапаты менен таанышат.
Эске салсак, жалпысынан 418 үй жарактан чыккан, анын ичинде Баткен районунда – 317, Лейлек районунда – 100 жана Баткен шаарында 1 турак жай талкаланган.
Ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Баткен жана Ош облустарында болгон куралдуу кагылышуунун кесепетинен бузулган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын көчмө отурумуна катышат.

КАРАКОЛ-ЭҢИЛЧЕК ЖОЛУ ЖАБЫЛДЫ
Бүгүн, 24-февралда саат 07:30да Каракол – Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусуна кар көчкү түштү. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасы кабарлады.
Көчкүнүн узундугу 150 метр, бийиктиги 4 метрди түзөт. Жеринде №11 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иштөөдө.
Жол убактылуу жабык, тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Количество просмотров: 100