• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Казак менен дуңган чырына себепкерлер соттолду. Бишкек-Будапешт авиакаттамы ачылат

30 Аяк оона 2020 14:07 Бишкек Govori.TV
https://www.youtube.com/watch?v=SUii2t5sCeg

COVID: 2 274 БЕЙТАП ДААРЫЛАНУУДА

Бүгүнкү күнгө карата коронавируска кабылган 819 бейтап ооруканада, жана 1455 бейтап үй шартында медиктердин көзөмөлүндө даарыланышууда. Ал эми айыгып чыккандардын саны 118 адамды түздү. Илдетти жуктуруп алгандар болсо, 30-сентябрьга карата  147 адам болсо, алардын 12си медицина кызматкери экени аныкталды.

Бишкек-Будапешт түз авиакаттамы ачылат

Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда Бишкек-Будапешт маршруту боюнча түз аба каттамын ачуу тууралуу макулдашылды. Венгриянын премьери Виктор Орбан эки өлкөнүн байланышы жана достугу туруктуу болушу үчүн түз аба каттамын ачуу зарылдыгын айтты. “Эгерде байланыштарыбыздын жана достугубуздун туруктуу болушун кааласак, анда биз түз аба каттамын ачуубуз зарыл. Будапешт менен Бишкектин ортосунда сөзсүз түрдө аба каттамы болушу керектигин макулдаштык. Биз юридикалык жана каржылык шарттарды түзөбүз. Каттамдар жакынкы мезгилде ачыларына үмүт кылабыз, — деди Венгриянын премьери Виктор Орбан. Мындан тышкары Кыргыз-венгер кызматташтыгы боюнча дагы 12 документке кол коюлду.

Кордай жаңжалынан кийин кармалган жети киши соттолду

Кордай районундагы казактар менен дунгандар арасындагы улуттар аралык жаңжалдан соң шектүү иретинде кармалган 60ка чукул кишинин ичинен жети айыпталуучуга өкүм чыкты. Өкүм али күчүнө кире элек. Сот чечимине макул болбогондор жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрыла алат. Беш жылга соттолгон Дуйсенбеков жаңжал чыккан жерге таксист катары гана барып калганын, уурулук жөнүндө кабары болбогонун билдирди. Үч жылга соттолгон Алмат Тлеугалиев: “Биз өз маселебизди ойлоп, уурулук, тоноо максатында барган жокпуз. Биз соцтармактардагы видеолорду көрүп, казактарга көмөктөшөлү деп бардык”, – деди. Казакстандын Жамбыл облусуна караштуу Кордай районунда 7-февралда улут аралык чыр чыккан. Чатакта он адам каза болуп, жүздөн ашык адам жабыркаган. 30 турак үй, 15 соода жайы жана 23 автоунаа өрттөлгөн. Миңдеген дунгандар Кыргызстанга качып өтүшкөн.

Количество просмотров: 46