• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Киши колдуу болгон секелектин иши Жапаровдун көзөмөлүндө. Коррупцияга шектелип тергөөчү кармалды

6 Аяк оона 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

СЕКЕЛЕКТИ ӨЛТҮРҮҮГӨ ШЕКТҮҮЛӨР КАРМАЛДЫ

Кадамжайда 14 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды. Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 4-сентябрда саат 15:25тер чамасында Кадамжай районундагы сел өтүүчү туннелдин ичинде мыкаачылык менен киши колдуу болуп өлтүрүлгөн Халмион айыл аймагынын 14 жаштагы К.А. аттуу тургунунун сөөгү табылган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын тургундары 25, 27 жана 24 жаштагы жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Окуя боюнча президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасына билдирүү жазды. Президент өз билдирүүсүндө жаш кыздын мыкаачы зөөкүрлөр тарабынан өмүрүнүн кыйылышы боюнча иш анын жеке көзөмөлүмдө боло турганын билдирди. Ошондой эле өлкө башчы Ички иштер министрлиги баштаган күч органдарына жана башка тиешелүү мекемелерге уул-кыздарыбызга карата зордук-зомбулуктарды алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырып, Кадамжайда жасалган мыкаачылык — кечиримсиз иш деп белгилөө менен кылмышкерлер өтө катуу жаза алууга тийиш экенин айтты.

БАШКЫ ПРОКУРАТУРАНЫН ТЕРГӨӨЧҮСҮ КАРМАЛДЫ

«Бишкек машина куруу заводу» ААКнын  мыйзамсыз ажыратылган жер тилкелерин сатуу фактысы боюнча Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү кармалды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрында Бишкек шаарында УКМК Аскер прокуратурасы менен биргеликте Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү кармады. Белгиленгендей, аталган тергөөчү Сокулук районунун аймагында жайгашкан «Бишкек машина куруучу заводуна» таандык жалпы аянты 62 гектар жер тилкелерин жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз сатууну уюштурганы аныкталган.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 3-бөлүгү (Коррупция) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөөчү кармалып, андан ары тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүү үчүн УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. Буга чейин «БМЗ» ААКнын көрсөтүлгөн жер тилкелерин мыйзамсыз ээлик кылуу учурундагы коррупция фактысы боюнча Башкы прокуратуранын башкармалыгынын улук прокурору  жана “БМЗ” ААКнын мурдагы кызматкерлери кармалган.

ТАКСИСТ КУРЬЕРДИ ӨЛТҮРӨ СҮЗДҮ

Москвада 3-сентябрда таксист курьерди сүзүп, ал алган жаракатынан улам кырсык болгон жерде каза болду. Бул тууралуу соцтармакта видео тараган. Анда курьерди жол чырактан өтө бериште машина сүзүп кеткенин көрүүгө болот. Кырсыкка кабылгандардын экөө тең кыргыз жарандары экени малымдалган.

Ал эми Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москвада 3-сентябрда болгон жол кырсыгы тууралуу маалымат берип, кырсыктан теги кыргызстандык 34 жаштагы адам окуя болгон жерде мүрт кеткенин, ал эми аны коюп кеткен таксинин айдоочусу дагы 30 жаштагы кыргызстандык экени белгилүү болду.

Элчилик Орусиянын жарандыгын алган маркумдун сөөгү Кыргызстанга 5-сентябрда жөнөтүлө турганын, айдоочу камалганын кошумчалады.

Количество просмотров: 229